Маданият

Сентябрь 14, 2023 - 19:02
Октябрь 2, 2023 - 12:10
 0  143
Маданият

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маданият, маалымат, жаштар, спорт, дене тарбия, туризм жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конститутциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

Министрлик ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, мекемелердин ишин башкарат.

Борбордук аппаратты, республикалык, облустук, райондук мекемелерди жана райондук деңгээлдеги аймактык бөлүмдөрдү күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттик сметанын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Министрлик юридикалык жак статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары, өз алдынча балансы, Казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар.

Министрликтин ишинин максаты маданият, маалымат, жаштар, спорт, туризм жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында жана координациясында 4 047 объект бар:

Баардыгы Министрлик
1 067 китепкана 51 китепкана
67 музей 28 музей
716 маданият үйү 40 маданият үйү
89 балдар музыкалык, искусство, көркөм өнөр мектептери 78 балдар музыкалык, искусство, көркөм өнөр мектептери
25 театр оюн-зоок мекемелери 24 театр, оюн-зоок мекемелери
2 жогорку окуу жай
2 бала бакчасы
8 атайын адистештирилген окуу жайлар
12 облустук редакция
  1 аймактык телерадиокомпания
3 журнал
45 жаштар борборлору
38 мамлекеттик кинотеатр 31 мамлекеттик кинотеатр
2 000ден ашык тарыхый эстеликтер  
  5 спорттун түрлөрү боюнча дирекция
  73 спорттук мектеп
  3 спорттук мекеме