Улуттук маданий борбор

Сентябрь 3, 2023 - 20:57
Сентябрь 14, 2023 - 19:00
 0  452
Улуттук маданий борбор

Улуттук  маданий борбор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт  жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук мекемеси болуп эсептелет.

УМБнын милдеттери:

– чыгармачылык жана маданий-социалдык маселелерди ишке ашыруу;

– эл чыгармачылыгын, элдик баалуулукту,  аткаруучулук чеберчиликти (манасчы, дастанчы, санжырачы, кол өнөрчү, дизайнер) сактоо, өнүктүрүү жана  жайылтуу;

– маданият жана искусство тармагындагы мамлекеттик, эл аралык жана башка максаттуу программаларды, ошондой эле юбилейлик иш-чараларды   ишке ашырууга катышуу;

– өздүк көркөм чыгармачылыкты, сүрөт, элдик кол өнөрчүлүктү, автордук чыгармачылыкты колдоо жана аларга көмөк көрсөтүү;

– тарыхый-маданий мурастарды  сактоого жана өнүктүрүүгө  багытталган улуттук долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;

– тарыхый-маданий мурастардын объектилерин таап чыгуу, тактоо,    сактоо, пайдалануу боюнча чараларды көрүү жана ишке ашыруу;

–  тарыхый-маданий мурастардын объектилерин изилдөө боюнча иштерди уюштуруу;

–  тарыхый-маданий мурастарды сактоо, пайдалануу, коргоо, изилдөө жана даңазалоо боюнча мамлекеттик, улуттук жана эл аралык программаларды ишке ашырууга катышуу;

–  эл аралык  маданий байланыштарды ар тараптан өнүктүрүүгө, коомдук өз-ара байланыштардын системасын жөнгө салууга, ведомстволор жана улуттар аралык маданият жаатындагы  кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

УМБ милдеттерине ылайык төмөндөгү  функцияларды аткарат:

– мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын  мамлекеттик  жана эл аралык маанидеги иш-чараларды, конференцияларды, кароо-сынактарды, юбилейлерди, мамлекеттик жана жалпы элдик майрамдарды өткөрүүсүнө көмөк көрсөтүү;

– өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында эл аралык конференцияларга  жана башка иш-чараларга катышуу;

– көркөм жана өздүк-көркөм чыгармачылык жамааттарды, студияларды, чыгармачылык-чеберчилик устаканаларды, салондорду, көргөзмөлөрдү түзүүгө көмөктөшүү жана алардын ишмердүүлүгүн координациялоо;

– өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында фестивалдарды, кароо-сынактарды, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, көрсөтмөлөрдү, этножарманкелерди уюштуруу;

– көргөзмөлөрдү, фестивалдарды өткөрүү аркылуу өздүк кол өнөрчүлүктү ( эл аспаптары, үй буюмдары, ат жабдыктары, улуттук кийимдер ж.б.) өстүрүү  чараларын ишке ашыруу;

–  концерттик, маданий-агартуучулук программаларды түзүү  жана оюн-зоок иш-чараларды, тематикалык кечелерди өткөрүү;

– иш-чараларга байланышкан брошюраларды, полиграфиалык материалдарды даярдоо, көбөйтүү, УМБнын ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн зарыл болгон программалар менен  кошо    кино,  видео, фото жана башка мультимедиялык өндүрүмдөрдү  түзүү;

– маданий эс алууларды уюштуруучу мекемелердин  иш-чараларды өткөрүүсүнө методикалык жана практикалык жардамдарды көрсөтүү;

– балдардын билим берүү мекемелерине методикалык жана практикалык жардамдарды көрсөтүү;

–  ыйгарым укуктуу органга окуу пособиелерин, методикалык иштеп чыгууларды, хрестоматияларды жана алардын видеоматериалдарын басып чыгарууга  карата  материалдарды бекитүү боюнча  сунуштарды киргизүү;

 балдардын билим берүү мекемелерин бүтүргөндүгү жөнүндөгү күбөлүктөрдү даярдоого көмөк көрсөтүү жана алардын тапшырылышына  көзөмөлдүк жүргүзүү;

– балдардын билим берүү мекемелердин  педагогикалык курамын аттестация жүргүзүүгө катышуу;

–  маданият жана искусство мекемелеринин абалы боюнча жүргүзүлгөн  мониторингдердин  негизинде  статистикалык эсеп жүргүзүүнү ишке ашырууга көмөктөшүү;

– маданият жана искусство мекемелери тарабынан тапшырылган статмаалыматтардын жана алардын абалына жүргүзүлгөн көзөмөлдүктүн натыйжасында жалпы статистикалык эсепти ишке ашыруу;

– иш чараларды даярдоого жана өткөрүүгө карата кийимдерди, баш жана бут кийимдерди, сценалык  эмеректерди, реквизиттерди, музыкалык аспаптарды, техникалык , жарык берүүчү  жана үн күчөтүүчү ж. б. буюмдарды  сатып алууну, тигүүнү, оңдоону уюштуруу;

-иш-чараларды өткөрүү  үчүн  аранжировкаларды, аспапташтырууларды  түзүүнү, партитураларды, үндөрдү  жазууну камсыз кылуу;

– элдик көркөм чыгармачылыкты,  фольклорду, кол өнөрчүлүктү кайра жаратууга, пайдаланууга жана жайылтууга  көмөк көрсөтүү;

– Манас эпосун  сактоо жана даңазалоо, ошондой эле аткаруучулук чеберчиликтерди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу;

– Кыргыз Республикасынын руханий мурастарды таап чыгуу, тактоо жана  тарыхый-маданий объектилерди изилдөө, даңазалоо боюнча иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүү;

– тарыхый-маданий объектилерди сактоо жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз-алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып баруу;

– бардык категориялардагы тарыхый-маданий объектилердин сакталышына зыян келтирүүгө жол бербөө иштерине көмөк көрсөтүү;

– тарыхый-маданий объектилерди пайдалануу жана сактоо тартиби  боюнча пландуу жана пландан сырткаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышуу;

– коомчулукта руханий маданий мурастардын баалуулугун жогорулатууга багытталган жалпы саясатты  жана ага карата маалыматтарды камсыз кылуу.

УМБ төмөндөгү укуктарга ээ:

– ыйгарым укуктуу органдын пландары менен бекитилген борбордук жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;

– сүрөтчүлөрдүн жана элдик көркөм кол өнөрчүлүгүн өнүктүргөн чеберлердин, улуттук музыкалык аспаптардын көргөзмө-сатууларын уюштурууга;

– маданият жана искусство чөйрөсүндөгү эл аралык, республикалык, муниципалдык программаларды ишке ашыруусуна катышууга;

– өнүктүрүүнүн  өздүк программасын иштеп чыгууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  тейлөөнүн  тартибин аныктоого;

– уюштуруу, өндүрүштүк жана чарба маселелерди өз алдынча чечүүгө;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрымдуулук иштерди жүргүзүүгө;

– сынак өткөрүү жолу менен чыгармачылык топторду түзүү, жаңы таланттарды табууга, колдоо көрсөтүүгө;

–  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык жана жеке  жактар менен иш алып баруу, алар менен УМБнын ишмердүүлүгүнө каршы келбеген келишимдерди түзүүгө;

– белгиленген тартипте жана УМБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү мамлекеттик органдардан, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардан маалыматтарды алууга;

–  тарыхый-маданий объектилерди пайдаланган юридикалык  жана жеке жактар тарабынан   мыйзамдардын сакталышы, ал маселелер боюнча кетирилип жаткан кемчиликтер боюнча жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу органдын атынан  билдирүүлөрдү жөнөтүүгө;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  тарыхый-маданий объектилердин сакталышынын абалы боюнча сунуштарды киргүзүүгө;

– тарыхый-маданий объектилерди сактоо боюнча координациялык жана эксперттик органдардын (кеңештердин,  комиссиялардын, жумушчу топтордун) курамына кирүүгө;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ассоциациялардын биримдиктердин, фонддордун иштерине катышууга;

– маданият тармагындагы эмгеги үчүн өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарына жана маданият чөйрөсүндөгү ишмерлерине сыйлоо чараларын көрүүгө (алкыш жарыялоо,  УМБнын Ардак грамотасы жана грамотасы менен сыйлоого);

– өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарына “Элдик” наамын, маданият ишмерлерине эмгек стажына ылайык жана башка чыгармачылык топторуна мамлекеттик сыйлыктарды  берүү тууралуу документтерди даярдоо жана ыйгарым укуктуу органга  сунуштама катары киргизүүгө.

УМБнын түзүмү 5 бөлүмдөн, 3 сектордон жана техникалык кичи тейлөө персоналдык топтон турат.

УМБнын бөлүмдөрү:

  1. Уюштуруу, укук жана кадр иштери бөлүмү;
  2. Мамлекеттик жана юбилейлик иш-чараларды өткөрүү бөлүмү;
  3. Эл чыгармачылыгын өнүктүрүү жана маданий эс алууларды уюштуруу бөлүмү;
  4. Балдардын билим берүү мекемелери жана статистика бөлүмү;
  5. Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү.

УМБнын секторлору:

  1. Материалдык маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу сектору;
  2. Руханий мурастарды жайылтуу жана өнүктүрүү сектору;
  3. Мамлекеттик сатып алуулар сектору.

 

УМБ өзүнүн ишмердүүлүгүндө эл аралык, республикалык деңгээлдеги иш-чаралардын концерттик программасын даярдоо жана уюштуруу боюнча  иштерди алып барат.