Кино иши

Сентябрь 3, 2023 - 20:59
Сентябрь 14, 2023 - 19:00
 0  91
Кино иши

Кинематография департаменти Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты  министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

– Улуттук кинематография системасын башкарууну өркүндөтүү;

– улуттук кинематографияны өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;

– кыргыз элинин руханий салттарын кайра жаратууда кино өнөрүнүн ролун жогорулатуу;

Кыргызстан элинин маданий кенчи катары мамлекеттик улуттук фильмофондду кийинки муундар үчүн сактап калуу;кыргыз жана дүйнөлүк кино өнөрүнүн чыгармаларына калктын жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү.

Т. Океев атындыгы Кыргыз Улуттук киностудиясы

Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Киностудия) мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык оперативдүү башкаруу укугунда негизделген юридикалык жак болуп саналат.

“Кыргызфильм” киностудиясы 1941-жылы Өзбек мамлекеттик фотокинотресттин (“Өзбеккино”) корпунктунун базасында түзүлгөн жана адегенде кинохрониканын Фрунзе студиясы деп аталган (1956-жылдан баштап – көркөм жана хроникалык-документалдык фильмдердин Фрунзе студиясы). Азыркы аталышын 1961-жылы алган.

1960-1970-жылдары «Кыргызфильмде» Чыңгыз Айтматовдун көп чыгармалары экрандаштырылган. Лариса Шепитько («Аптап»), Андрей Кончаловский («Биринчи мугалим») режиссёрдук чыгармачыл жолдорун Айтматовду экрандаштыруу менен башташкан. Андан ары жергиликтүү режиссёрлор: Болотбек Шамшиев («Караш-Караш», «Ак кеме», «Фудзиямадагы кадыр түн») жана Төлөмүш Океев («Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму») эмгектенген. 1972-жылы Болот Шамшиев «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильмин тарткан — ал истерн деп аталгандардын үлгүлөрүнүн бири болгон. Альгимантас Видугирис “Жалаң гана эркектер”, “Катастрофага жол жок” көркөм фильмдерин, башка документалдык фильмдерди тарткан. “Кыргыз керемети” феноменин – “Кыргызфильм” киностудиясынын гүлдөп турган мезгилин үч режиссёрдун (Океевдин, Шамшиевдин, Видугиристин) аты менен байланыштырышат.

Азыркы учурда Кыргызфильм” киностудиясы режиссёр Төлөмүш Океевдин урматына анын атын алып жүрөт.

Киностудиянын милдеттери жана функциялары

  • кино өнөрүнүн жогорку көркөмдүктөгү чыгармаларын жаратуу үчүн Киностудиянын материалдык-техникалык базасын, кесипкөй кинематографисттеринин потенциалын пайдалануу;
  • улуттук кино өнөрүнүн эң мыкты салттарын чагылдырган жана өнүктүргөн жогорку көркөм деңгээлдеги кино чыгармаларын жаратуу;
  • киновидеофильмдерди жана башка фильмопродукциясын жаратууну уюштурууну жана технологиясын өркүндөтүү;
  • мамлекеттик буюртмалар аркылуу улуттук фильмдерди, жеке өзүнүн чарбалык ишмердигинен алынган каражаттардын эсебинен киновидеофильмдерди, министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, башка жеке жана юридикалык жактардын буюртмалары боюнча киновидеофильмдерди, чет мамлекеттердин киностудиялары менен биргелешкен киновидеофильмдерди чыгаруу;
  • киновидео чыгармаларын жаратуучулардын чыгармачыл потенциалын ачып берүү үчүн шарт түзүү, таланттуу кинематографисттерди табуу жана колдоо болуп саналат.

Ч.Айтматов атындагы Республикалык Кино үйүнүн дирекциясы

Ч.Айтматов атындагы Республикалык Кино үйүнүн дирекциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө жобого ылайык түзүлгөн. Ч.Айтматов атындагы Кино үйү Кинематография департаментинин ведомстволук мекемеси болуп саналат жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак болуп саналат жана мамлекеттик мекеме түрүндө түзүлгөн. Ч.Айтматов атындагы Кино үйү 2016-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн.

Кино үйүнүн негизги милдеттери: улуттук тасмалардын бетачарларын, чыгармачылык, кайрымдуулук иш-чараларын өткөрөт, ата-мекендик жана чет элдик өндүрүшчүлөрдүн, анын ичинде балдар аудиториялары үчүн тасмаларды жана кино ардагерлери үчүн, социалдык багыттагы жаңы тасмаларды көрсөтүүнү уюштурат, ошондой эле ар кандай семинарларды, пресс-конференцияларды өткөрөт, кыргыз кинолорун кеңири таанытуу максатында ар кандай деңгээлдеги кинофестивалдарды, кеңешмелерди, жолугушууларды, көргөзмөлөрдү уюштурат, кинематография жана аны пропагандалоо жаатында лекцияларды өткөрөт.

“Кыргызтасмасы” Мамлекеттик мекемеси 

“Кыргызтасмасы”  Кинематография департаментинин курамына кирген жана ага баш ийген мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Фильмофонддун негизги милдеттери жана функциялары:

  • мамлекеттик кино фондун Кыргызстан элдеринин маданий мурасы катары келечек муундар үчүн сактоо;
  • кино каражаттары аркылуу Кыргыз Республикасынын калкынын маданий жана билим деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
  • калктын кеңири катмарынын кыргыз жана чет элдик киноөнөрүнүн чыгармаларына жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү;

Фильмофонд өзүнүн негизги милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

  • фондду улуттук жана чет элдик кинотасмалар менен толуктайт;
  • тасманын көчүрмөлөрүнүн сакталышын камсыз кылууга багытталган уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзөт ;
  • тасмалардын көчүрмөлөрүн көбөйтөт;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеотасмаларды элге көрсөтүүнү жүзөгө ашырган кинопроекциялык, видеопроекциялык орнотмолордун эсебин жүргүзөт;
  • Кыргыз Республикасында түзүлгөн же Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүү үчүн чет өлкөдөн сатып алынган кинотасмаларга жүгүртүү сертификаттарын берет;
  • улуттук тасмаларга сертификаттарды берет;
  • тасмалардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт.

Мамлекеттик кинодирекциялар

Мамлекеттик кинодирекциялар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин курамына кирген мамлекеттик мекемелер болуп саналат.

Кинодирекциялар өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.

Негизги милдеттерине ылайык кинодирекциялар төмөнкүдөй функцияларды аткарат: кинодирекциянын чыгармачылык-техникалык базасын өркүндөтүү, киноөнөрүнүн чыгармаларын калктын кеңири катмарына жеткирүү боюнча милдеттерди аткарат; калкты киновидео жагынан тейлөөнү жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат; ата-мекендик жана чет өлкөлүк кинофирмалар жана компаниялар менен кино жүгүртүү жагында кызматташтык кылат; маданий программаларды, кинофестивалдарды, кино жумалыктарын, фильмдердин бетачарларын, чыгармачыл жолугушууларды жана башка иш-чараларды уюштурат; кинофильмдердин стационардык жана көчмө көрсөтүүлөрүн уюштурат.

Мамлекеттик кинодирекциялардын тизмеси

Облустук кинодирекциялар

1 – Жалал-Абад облустук мамлекеттик кинодирекциясы

2 – Ош облустук мамлекеттик кинодирекциясы

3 – Талас облустук мамлекеттик кинодирекциясы

4 – Нарын облустук мамлекеттик кинодирекциясы

5 – Ысык-Көл облустук мамлекеттик кинодирекциясы

6 – Баткен облустук мамлекеттик кинодирекциясы

7 – Чүй облустук мамлекеттик кинодирекциясы