Китепкана

Сентябрь 3, 2023 - 21:09
Март 25, 2025 - 14:24
 671
Китепкана

Китепканалар – коомдук бирикмелердин, элдердин жана этностук жалпылыктардын маалыматка эркин ээ болууга, рухий эркин өнүгүүгө, улуттук жана дүйнөлүк маданияттын баалуулуктарына аралашууга, ошондой эле маданий, илимий жана билим берүү иштерине эркин жетишүүгө шарт түзөт. Маалыматтык жана маалымдама-библиографиялык тейлөөнү уюштуруп, илимди өнүктүрүү жана методикалык камсыз кылуу кирген маалыматтык, маданий-агартуучулук жана билим берүү иштерин аткарып келет.

Республика боюнча китепканаларда көргөзмөлөр, лекциялар, конференциялар жана Министрлик тарабынан бекитилген жылдык иш-чаралар планына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”, “Улуттук нарк жөнүндөгү” “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын” Жарлыктарына жана Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына жана юбилейлик иш-чараларга багытталган маданий-массалык иш-чаралар уюштуруп келет.

Китепканалардын фондун жаңы китептер менен толуктоо, балдар, көркөм адабияттын өнүктүрүү. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун колдоосу менен 50 000 нускада кыргыз тилиндеги китептер басылып чыгып, Маданият министрлги тарабынан аймактагы китепканаларга жеткирилди. Мындан улам, китепканалар окурмандарды тартуу менен алектенип, калк өзүнүн бош убактысын өткөрө турган заманбап борбор катары түзүлүшү керек. Жакында эле аймактарга таратылган китептердин арасында проза, поэзия, повесть, эссе, балдар адабияты, дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолору бар. Китептер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын утурлай жарык көргөн.

Кыргызстанда моделдик китепканаларды ишке киргизүү. Аталган объектилердин ичинде Нарын облусундагы Ат-Башы районунда жайгашкан Б. Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук моделдик-инновациялык китепканасы ишке кирди. Замандын талабына ылайык заманбап технологиялар колдонулуп жана маданияттын, билимдин, чыгармачылыктын биримдиги болуп эсептелген моделдик-инновациялык китепканасы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана “Дордой” ассоциациясы колдоосу менен ачылды.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз китепканада китеп окуй алышат. К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында пандус орнотулган: китепкананын борбордук кире бериште, китепкананын чыгыш тарабында. Китепканадагы орнотулган  Лифт “Камкор” инклюзивдик билим берүү борбору аркылуу көтөрүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга китепканада сунушталган түрдүү ресурстар жана программаларга өз алдынча катышуусуна мүмкүндүк берет. К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жаңы подкаст-студиясы ачылып, бул подкаст-студия аркылуу аудиокитептерди окуп, видео жаздыра алышат. Китепкана ошондой эле Кыргызстанда алгачкы Брайль принтерин алып, ал көрүүсү боюнча майыптыгы бар адамдарга өздөрүнө керектүү маалыматты принтерден чыгарып алууга шарттарды түзүп берет. Бул демилгелер китепкананын ресурстарынын жана программаларынын бардык жарандар үчүн тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Балдарды эрте өнүктүрүү борборлору 2022-жылы 150 китепканада иштесе, учурда 300 китепканада иш алып барат.  Китепканаларда байма-бай атайын түзүлгөн иш-пландын негизинде иш-чаралар өтүп турат.

Китепкана – бул тынчтыктын жана билимдин, руханий азыктын мекени. Китепканага кадам таштаганда, биз тарыхтын терең катмарларына сүңгүп кирип, адамзаттын улуу ойлору менен бетме-бет жолугушабыз. Бул жерде улуу акындардын, жазуучулардын, окумуштуулардын жана философтордун эмгектери сакталат. Китепкана – бул бүтүндөй ааламды кучагына алган билим океаны.

Республикалык маанидеги эки чоң китепканабыз калкка кызмат көрсөтөт:

1. А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана сайт http://nlkr.gov.kg/

2. К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы сайт https://card.rbdu.kg/