Музей иши

“Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргызстандагы музей иштери чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкарууну Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзгө ашырат.
Учурда Кыргыз Республикасында 118ге жакын музей иштейт, анын 68и мамлекеттик. Калган 86 музей ведомстволук жана мектептик музейлер болуп саналат.
Мамлекеттик музейлер: (68) Мамлекеттик музейлердин олуттуу бөлүгүн (болжол менен 70-80%) тарыхый, край таануу жана мемориалдык музейлер түзөт.
Ведомстволук музейлер: (6) ар кандай мамлекеттик мекемелер менен байланышкан музейлер бар, мисалы, Полковник С. Наматбаев атындагы КР ИИМ Борбордук музейи, Курманбай Талканчиев атындагы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына караштуу музей, КР Улуттук илимдер академиясынын алдындагы зоология музейи, Геология жана минералогия музейи, Илим жана билим музейи, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу М. Мамакеев атындагы музей.
Мектеп музейлери: (33) маанилүү билим берүү функциясын аткарат, конкреттүү илимий дисциплиналарга же билим берүү мекемелеринин тарыхына байланыштуу коллекцияларды көрсөтөт.
Жеке музейлер: Мындан тышкары Кыргызстанда тарыхтын, искусствонун же маданияттын айрым аспектилерине арналган жеке музейлер бар. Алардын ичинен Бишкек шаарында эң белгилүүлөрү жана көп көрөрмандарды тартакан музейлер:
Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, Түгөлбай Сыдыкбековдун үй музейи, “Өрнөктүү инсандар” музейи, “Супара” этнографиялык музейи, Улуу боштук музейи, М Галереясы, Балдардын эксперименталдык лабораториясы (ДНК музейи).
Көптөгөн музейлер имарат катары да, тарыхый окуялар же адамдар менен байланышы аркылуу да тарыхый мааниге ээ.
- 2 музей комплекси ЮНЕСКОнун объекттери болуп саналат;
- 18 музей республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттери болуп саналат (Тизме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген);
- Бишкек шаарынын 10 маданий мурас музейи (Тизме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 58 токтому менен бекитилген).
Музейлердин укуктук негиздери:
- “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары” 24-июль 2015-ж №193;
- «Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо боюнча нускама» (ММТМнин буйругу 15.12.2016ж. № 617) – бул нускама, музей баалуулуктарын эсепке алуунун, пайдалануу, сактоо ыкмаларын уюштурууну жана калыбына келтирүү ыкмаларын аныктайт.
- «Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүү жана андан чыгаруу тартиби» (ММТМнин буйругу 22.02.2017ж. № 61) – бул тартип, музей буюмдары менен музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Музей фондуна киргизүү жана андан чыгаруу эрежелерин аныктайт.
- «Кыргыз Республикасынын музей фондунун мамлекеттик каталогу жөнүндө жобо» (ММТМнин буйругу 22.02.2017ж. № 61) – бул жобо, Кыргыз Республикасынын музей фондунун мамлекеттик каталогун түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин аныктайт;
- «Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү жана иштөө тартиби» ( ММТМ буйругу № 460 8.11.2017ж.) – бул тартип, Кыргыз Республикасындагы музейлерди түзүүнүн жана иштешинин жалпы укуктук негизин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун музей буюмдарын, музей коллекцияларын камсыздандыруу
Музей буюмдары, музей коллекциялары экспонат катары көрсөтүү, реставрациялоо жана илимий экспертиза жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринен убактылуу алып чыгуу үчүн Кыргызгосстрах тарабынан камсыздандырылат.
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун абалын мамлекеттик контролдоо:
Музейлер, музейдеги буюмдардын айкын ордунда тургандыгын, алардын идентификациялаган белгилери менен сакталууда турган абалы негизги эсепке алуу документтеринин маалыматтарына туура келишин аныктоо максатында, музей буюмдарынын абалына жана сакталууда тургандыгына мезгил-мезгили менен “Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо” боюнча нускамасына ылайык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.
Музей буюмдарынын ордунда тургандыгын текшерүү музейдин директорунун буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия тарабынан директор бекиткен план-графикке ылайык жүргүзүлөт.
План-график текшерилип жаткан сактоо фондуларынын ордунда тургандыгын жана көлөмүн текшерүүнүн төмөнкү мөөнөттөрүн эске алуу менен түзүлөт:
Фондунун жалпы саны:
500 – 3000 сактоо бирдигине чейинки музейлер үчүн – 2 жылда 1 жолу;
3000ден 30 000 чейин – 3 жылда 1 жолу;
30 000ден 300 000 чейин – 5 жылда 1 жолу;
Музейлер, музей буюмдарынын ордунда тургандыгына жүргүзүлгөн текшерүүнүн актыларын төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жөнөтөт:
Музей буюмдары жоголгон учурда;
Музей буюмдарын музейдин эсепке алуу документтеринен алып салуу учурунда.