Кесиптик билим берүү

Сентябрь 3, 2023 - 21:17
Сентябрь 14, 2023 - 18:58
 0  91
Кесиптик билим берүү

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу 2 жогорку окуу жайы, 8 кесиптик орто окуу жайы, 88 балдардын музыкалык, искусство жана көркөм сүрөт мектептери жана 2 бала бакчасы бар.

Жогорку окуу жайлар

  • К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы;
  • Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети.

Кесиптик орто окуу жайлар

  • М.Курөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы;
  • Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы;
  • С.А.Чуйков атындагы кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайы;
  • Ош шаарындагы Ниязалы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы;
  • Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы;
  • Токмок шаарындагы Республикалык маданият колледжи;
  • Жалал-Абад маданият техникуму;
  • Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайы.

Аталган окуу жайлар мамлекеттик болуп саналат жана 7 жаштан 24 жашка чейинки окуучулар жана студенттер билим алышат.

Окуу формасы – бюджеттик жана белгиленген квотадан сырткары контракттык негиздекабыл алынат.

Маданият жана искусство окуу жайларынын билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу негизги документтер болуп, Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2009-жылдын 7-апрелиндеги “Маданият жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө” токтому болуп саналат.

Министрликтин 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 475 буйругу менен бекитилген “Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин системасындагы кызматкерлерди аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, министрликке караштуу окуу жайлардын мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жана квалификациясынын жогорулатууга өбөлгө түзүү, ишмердүүлүк сапаттарын, ошону менен катар мугалимдин ээлеген кызматына ылайык келүүсүн жана кызмат боюнча жогорулатууну аныктоо максатында ар 3 жылда аттестация өткөрүлөт.