Бишкек Эл аралык кинофестивалынын логотиби тандалды

Бишкек Эл аралык кинофестивалынын логотиби тандалды

Сентябрь 6, 2023 - 10:55
 0  72
Бишкек Эл аралык кинофестивалынын логотиби тандалды
Бишкек Эл аралык кинофестивалынын логотиби тандалды
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 17-21-ноябрь күндөрү, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Бишкек Эл аралык кинофестивалын өткөрөт.
Ага ылайык, аталган кинофестивалдын логотибине сынак жарыяланган.
Сынакка катышкан 16 креативдүү топтордун арасынан жаш дизайнер Нуриза Көчкөнбаева тарабынан жасалган логотип жеңүүчү деп табылды. Анда кинонун духу жана Кыргызстандын борбор калаасы болгон Бишкектин символикасы мыкты чагылдырылышы менен тандалып алынды.
Мындан ары бул логотип I Бишкек Эл аралык кинофестивалынын расмий логотиби катары бардык иш- чараларда, маалыматтык булактарында пайдаланылат.
I Бишкек эл аралык кинофестивалы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук киноиндустриясын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын мамлекттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруу, улуттук кинонун кадыр-баркын бекемдөө, ата мекендик мыкты кино чыгармаларды популярдаштыруу, бүткүл кинематографисттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында өткөрүлөт.
Алдыда боло турган I Бишкек Эл аралык кинофестивалы тууралуу көбүрөөк билүү үчүн биз менен бирге болуңуздар!