Алтынбек Максутов Бишкекте алгачкы жолу өтүп жаткан сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионатын ачты

Алтынбек Максутов Бишкекте алгачкы жолу өтүп жаткан сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионатын ачты

Сентябрь 6, 2023 - 10:51
 0  47
Алтынбек Максутов Бишкекте алгачкы жолу өтүп жаткан сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионатын ачты
Бүгүн, 3- сентябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин жана грек-рим күрөшү дисциплиналары боюнча алгачкы жолу өтүп жаткан сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионатын ачты.
Министр алгач, дүйнөлүк чемпонака катышып жаткан бардык спортчуларга ийгилик каалап, төмөндөгүлөргө токтолду.
Ал өз сөзүндө сурдо спорту боюнча грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканын белгилеп, кыргыз сурдо спортунун 15 жылдык тарыхы бар экенине токтолду. 2007-жылы Эл аралык Дүлөйлөр спорт кыймылынын төрагасы Дональд Амондсдун колдоосу менен Кыргыз Республикасында Сурдо спорту жанданып, “Кыргыз Республикасынын дүлөйлөр спорттук кыймылы” коомдук фонду түзүлүп, азыркы учурга чейин Арам Акопян мырза ийгиликтүү жетектеп келе жатканын маалымдады. Мамлекеттин колдоосу менен Сурдо спорту Сурдлимпиадалык деңгээлге чыгып, көптөгөн ири эл аралык мелдештерге, дүйнө жана Азия чемпионаттарына катышып келе жатканын сыймыктануу менен белгиледи.
Ошондой эле, министр спорт – бул ынтымактын жарчысы экенин айтып, дүйнө чемпионатынын ачык деп жарыялады.
Андан соң, өспүрүмдөр арасындагы финалдык беттештер орун алып, салтанаттуу сыйлоо аземи менен коштолду.
Белгилей кетсек, чемпионат кечээ 2 – сентябрда башталган. Чемпионатка жалпысынан 13 өлкөдөн 250 спортчу катышууда.
Ал Кыргызсан, Өзбекстан, Казакстан, Иран, Армения, Түркия, Монголия, Литва, Эстония, АКШ, Болгария, Азербайжан, Ирак жана Украинадан ж.б. мамлекттерден келген балбандар . Ал эми Кыргызстандын намысын 16 балбан коргоодо. Мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн бардык тиешелүү талаптар каралып, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Чемпионат 12- сентябрда жыйынтыкталат.