КЫРГЫЗСТАНДЫН 21 РАЙОНДУК ЖАНА ШААРДЫК МАДАНИЯТ БӨЛҮМ БАШЧЫЛАРЫНЫН РОТАЦИЯСЫ БОЮНЧА ЧЕЧИМ РАЙОН ЖАНА ШААР БАШЧЫЛАРЫНА СУНУШТАЛДЫ

Август 26, 2025 - 10:06
 5

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Президенттин Администрациясынын тапшырмасына ылайык, өлкө боюнча 5 жылдан ашык иштеген маданият бөлүмдөрүнүн жетекчилерин ротациялоо иштерин баштады.
Ротациянын негизги максаты – аймактардагы маданий өнүгүүнү тең салмактуу шартта камсыз кылуу жана тажрыйбалуу жетекчилерди жаңы багыттарда ишке тартуу. Бул чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынып, айылдык аймактардагы жана шаардык деңгээлдеги маданий бөлүм башчыларынын ишин жаңылоо мүмкүнчүлүгүн ачат.
Министрлик тиешелүү сунуштарды жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана шаар жетекчилерине жөнөттү. Акимдер жана мэрлер кабыл алынган чечимдердин аткарылышы (дайындоо) боюнча маалыматты 2025-жылдын 1-сентябрына чейин министрликке жибериши зарыл.
Ошону менен бирге министрлик өлкө боюнча театр, китепкана, музей тармактарында, ошондой эле музыкалык, көркөм сүрөт жана искусство багытындагы окуу жайларында да кадрдык ротациялоо иштерин баштады. Бул багыт маданий мекемелердин ишин өркүндөтүп, жаңы дем берүүчү адистерди тартууга шарт түзөт.