УҢГУЖОЛДУН УЧУН ИЛИКТЕП... БАЯН-ӨЛГИЙДЕГИ АЛГАЧКЫ КҮН

Август 22, 2025 - 17:33
 4

Илимий сапардын катышуучулары 18-августтун таңында Баян-Өлгий ооданына баруу үчүн жолго чыгышты.
Экспедициянын уюштурулушун зарыл деп эсептеген жана анын ишинин жүрүшүнө алгачкы күндөн баштап жан-дили менен көмөк көрсөткөн КРнын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айбек Мухтарович Артыкбаев бул жолу да изилдөөчү топ менен сапарлаш болду.
Экспедиция мүчөлөрүн Баян-Өлгий ооданынын губернатору Есентайн Зангар аба майданында тосуп алып, алдын ала таанышуу отурумун өткөрдү. Андан соң губернатор мырза топту жергиликтүү илимпоздор менен бирге кызмат ордунда кабыл алып, маселеге илимий мамиле жасоо зарылдыгын белгиледи жана бул экспедициянын ишине көмөктөшөрүн билдирди.
Күндүн экинчи жарымында Боготу районунун акими Амангажы Корумкан экспедиция мүчөлөрүн Кызыл-Төбө чарбасына алып барды. Ал жерде жашаган курман кыргыздары деп аталган топтун өкүлдөрү тосуп алышты.
Аңгемелешүү учурунда, бир топ этнографиялык жана фольклордук материалдар каттоого алынып, бул этностук топтун тилин, тарыхын, фольклорун жана этнографиясын атайын изилдөөнүн зарыл экендиги аныкталды. Археологиялык изилдөөнү тынымсыз жана масштабдуу жүргүзүү жагын мындан ары кечиктирүүгө мүмкүн эмес экендиги белгилүү болду.
Кечки сааттарда күндүн жыйынтыгы чыгарылып, жыйналган фото-фоно жана кол жазма материалдар иретке салынып, эртеңки күндүн иш мерчеми түзүлдү.
Эске салсак, Министрликтин маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Атыркүл Сейизова, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профессору, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты Сулайман Кайыпов, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессорунун милдетин аткаруучу, тарых илимдеринин доктору Гульзада Абдалиева, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери Бакыт Султаналиев 14-28-август күндөрү Монголия Республикасынын Баян-Улгий жана Увс аймактарында кыргыздарга карата илимий изилдөө иштерин жүргүзүү максатында иш сапарга кетишкен.