Баткен облусунун маданият паспорту

Баткен облусунун маданият паспорту

Сентябрь 6, 2023 - 11:54
Сентябрь 27, 2023 - 23:00
 0  98
Баткен облусунун маданият паспорту

Маданият мекемелери – 153

Баткен облусунда жалпы 5 – маданият үйү (48 айылдык клубдары менен), 2 – райондук китепкана, 4 – балдар китепканасы, 3 – шаардык китеканасы, 71 – айылдык китепкана, 11 – балдар музыкалык мектеби, 6 – райондук, шаардык жана айылдык  музейлер, 3- эс алуу багы бар.

Тарыхый маданий эстеликтер-38

——————————-

Баткен району                                                                               

Маданият мекемелери – 42

Баткен районунда 1 – маданият үйү(16 айылдык клубдары менен), 22- айылдык китепкана, 1- балдар музыкалык мектеби( 2 айылдык филиалдары менен), 10- тарыхый маданий эстеликтер бар.

Райондун аймагында республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин саны  -10:

  • Төрткүл көрүстөнү (Төрткүл суу сактагычынан 1,5 км чыгышта);
  • Кара-Булак көрүстөнү (Кара-Булак айылынын четинде);
  • Кара-Булак 1 көрүстөнү (Кара-Булак көрүстөнүнөн 600 м түндүк-батышта);
  • Туура-Таш көрүстөнү (Бужум айылынын түштүк четинде);
  • Кара-Бел көрүстөнү (Кара-Булак айылынан 8 км түндүк-батышта);
  • Көк-Таш көрүстөнү (Баткен айылынын түштүгүндө);
  • Аска-таш сүрөттөрү (Лимбур айылынан 6-7 км батышта);
  • Обишир I-V үӊкүр эстелиги (Сох суусунун жогорусунда);
  • Кан-и-Гут кен чыкчуу жери (Ак-Татыр айылында);
  • Кан чеби (Кыштут айылынын түштүгүндө).

Райондон чыккан маданият жаатындагы белгилүү инсандар: (тизме толукталууда)

  1. Апаз Жайнаков – Кыргыз Республикасынын эл артисти;
  2. Саламат Садыкова – Кыргыз Республикасынын эл артисти;
  3. Тургунбай Садыков – скульптор, Кыргыз Республикасынын Баатыры;

—————-     

Кадамжай району                                                             

Маданият мекемелери – 38

Кадамжай районунда 1 – райондук маданият үйү (13 айылдык маданият клубдары менен); 1 – райондук борборлоштурулган  китепкана, 18 – айылдык китепкана, 1 – райондук балдар китепканасы (2 филиалы менен),1 –  балдар  музыкалык мектеп, 1 – музей, 7 –  тарыхый маданий эстеликтер бар.

Райондун аймагында республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин саны  7:

  • Капчыгай таш куралдарынын байыркы устаканасы (Марказ айылынын түштүгүндө);
  • Хожо-Гаир көрүстөнү (Хожо-Гаир айылынын батыш тарабында);
  • Палман отурукташкан жайы (Пальман айылынын тушунда);
  • Аирбас отурукташкан жайы (Хожо-Гаир району);
  • Сел-Үӊкүр үӊкүр тургун жайы (Айдаркен поселкасынан 1 км батышта);
  • Охна таш куралдары табылган жайы (Охна айылында);
  • Аска-таш сүрөттөрү (Охна айылынын четинде).      

Райондон чыккан маданият жаатындагы белгилүү инсандар: (тизме толукталууда)

  1. Мамажанов Жолдошбек (1952 –2010)- Тажик Республикасынын эл артисти;
  2. Бүзейнеп Өмүрзакова (1958-2005) – аккордионист, обончу аткаруучу;
  3. Роза Шакирова – ырчы;
  4. Чыңгыз Мырзаев – ырчы;
  5. Өктөм Сапар уулу – ырчы;
  6. Ильяз Абдыразаков – эстрада ырчысы;

————————————      

Лейлек району                                                                  

Маданият мекемелери – 53

Лейлек районунда 1 – маданият үйү (18 айылдык клубдары менен), 1 –  райондук китепкана, 26 – айылдык китепкана, 1 – балдар китепкана, 1 – балдар  искусство музыкалык мектеп (14 мугалим, 95 окучуусу менен) 1 – райондук музыкалык мектеп, 3 – музей, 1 – эс алуу багы, 15 – тарыхый маданий эстеликтер бар.

Райондун аймагында республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин саны  -15:

  • Исфана чалдыбары (Исфана айылында);
  • Кожо-Чар-Коргон чалдыбары (Катта-Сай жана Кур-Сай сууларынын куймасында);
  • Көрүстөн (Катран айылынан 5-6 км алыстыкта)
  • Көрүстөн (Катран айылынын түштүк четинде);
  • Көрүстөн (Катран айылынан 2,5 км алыстыкта);
  • Көрүстөн (Кожо-Бакырган суусунун жээгинде);
  • Андархан I көрүстөнү (Андархан айылында);
  • Андархан II көрүстөнү (Андархан-1 көрүстөндөрүнүн жанында);
  • Кайрагач 8 чи пл. көрүстөнү (Кайрагач айылында);
  • Аска-таш сүрөттөр жана жазуулар (Катран айылында);
  • Андархан I тургун жайы (Кожо-Бакырган суусунун оӊ жээгинде);
  • Андархан III тургун жайы (Андархан айылынын чыгыш четинде);
  • Бешкент тургун жайы (Бешкент айылында);
  • Төрткүл тургун жайы (Андархан айылынан 1,5 км Чурбек айылынын жолунда);
  • Кожо-Гор (Чорку айылынын четинде).

Райондон чыккан маданият жаатындагы белгилүү инсандар: (тизме толукталууда)

  1.  Каримов  Эрмек – Орто Азияга белгилүү обончу, аткаруучу;
  2. Тургунбаев Бабаравшан – обончу, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
  3. Азиреткулов Хабибилла – обончу, аткаруучу, көптөгөн ырлардын автору;
  4. Токторов Бактияр – Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артисти;
  5. Токторов Алим –  киносценарист, коомдук жана мамлекеттик ишмер, И.Раззаков жөнүндө тартылган документалдуу кинотасманын режиссеру (И.Раззаковдун ролун аткарган);
  6. Каримова Самара – Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артисти;
  7. Саттаров Өмүрзак – төкмө акын, аткаруучу;
  8. Жороева Алима – төкмө акын, уз чебер;
  9. Жороев Мурзали – обончу, аткаруучу.

——————————

Баткен шаары                                                                              

Маданият мекемелери – 2

Баткен шаарында 1 шаардык  китепкана жана 1 кинотеатр бар.

Шаарда тарыхый маданий эстеликтер катталган эмес.

Шаардан чыккан маданият жаатындагы белгилүү инсандар: (тизме толукталууда)

1.Абдрахманов Гыламидин – жазуучу, тарых иликтөөчү;

2.Аскар Ражабали – жазуучу;

3.Маткаимов Жапар – сүрөтчү;

4.Козубаев Мамажан  – обончу, аткаруучу;

5.Султанов Заирбек – обончу.