Координациялык кеңештер

Сентябрь 10, 2023 - 23:37
Сентябрь 14, 2023 - 18:47
 0  61
Координациялык кеңештер

Координациялык кеңеш консультативдик жана кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Кеңештин иши жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жаштар иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган. Кеңештин негизги максаттары Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан уюмдардын бул жааттагы конструктивдүү жана координацияланган ишин камсыз кылуу, ошондой эле Кеңеш тарабынанан кабыл алган чечимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү болуп саналат. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: – аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүүгө багытталган мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; – аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук балдар жана жаштар боюнча бирикмелеринин жаштардын актуалдуу проблемаларын чечүү боюнча ишин координациялоо боюнча сунуштарды даярдоо; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды даярдоо, мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, улуттук жана мамлекеттик программалардын долбоорлорун алдын ала кароо; – мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине тиешелүү мамлекеттер аралык макулдашууларды, келишимдерди түзүүгө байланыштуу сунуштарды даярдоо. Кеңештин курамы ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн түзүлөт.

Кеңештин мүчөлөрү:

  1. БУУнун Калк маалымдоо Фонду (ЮНФПА);
  2. Кыргыз Республикасындагы БУУнун туруктуу координаторунун өкүлчүлугү;
  3. Германиянын эл аралык кызматташуу коому;
  4. Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Түрк кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгы;
  5. Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү;
  6. Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA);
  7. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (УВКПЧ);
  8. Кыргыз Республикасындагы Япония эл аралык кызматташтык агенттиги;
  9. БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ);
  10. Кыргыз Республикасындагы Хельветас Свисс Интеркооперация Ассоциациясы;
  11. БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО);
  12. Эл аралык эмгек уюму;
  13. Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнл (Good Neighbors);
  14. Ага Хан Фондунун Кыргыз Республикасындагы филиалы;
  15. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси;
  16. БУУнун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН);
  17. Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому.
  18. Эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Интернешнал Алёрт”

Жаштар саясаты жаатында иштеген коммерциялык эмес уюмдардын координациялык кеңеши. Координациялык кеңеш консультативдик жана кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Координациялык кеңештин максаты – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга жаштардын катышуусу үчүн шарттарды түзүү жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү механизмдерин жакшыртуу. Координациялык кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: – жаштар саясаты жаатындагы стратегиялык  милдеттерди ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана коммерциялык эмес уюмдардын ишин координациялоо. – бекитилген стратегиялык документтердин алкагында мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; – мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдарга сунуштарды иштеп чыгуу. Координациялык кеңешке жаштар саясаты тармагында 2 жылдан ашык иштеген коомдук коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Кеңештин мүчөлөрү:

  • КБ «Келечек»;
  • КФ «Фонд гражданских идей»;
  • КБ «Тилектеш эл» коомдук бирикмеси;                 
  • КБ «Нарын жаштар ордосу»;
  • КБ «Таласский областной Совет молодежи»;
  • КБ «Матерей и молодежи Чексиз Кут»;
  • КБ «Совет молодежи Кеминского района»;
  • Жаш ыктыярчылар уюму «Лидерство»;
  • КБ «Тынчтык демилгелери»;
  • КБ «Жигер чыгармачыл жаштар борбору»;
  • КБ «Клуб иницативной молодежи»;
  • КБ «Кыргызстан жаштар ынтымагы»;
  • КБ «Активист»;
  • КБ «Youth of Osh»;
  • КФ «Институт развития молодежи»;
  • «Enactus Кыргызстан»;
  • КФ «Институт мира и развития»;
  • КБ «Токмок Жаштар Кенеши»;
  • КБ «Совет молодежи Кеминского района»;
  • КФ «Институт развития регионов»;
  • КУ «Ысык-Кол жаштар ордосу»;
  • КФ «АСС-Фонд помощи детям Азии»;
  • КУ«Кочкор жаштар борбору».