Жалган маалымат

Сентябрь 10, 2023 - 23:16
Сентябрь 14, 2023 - 18:47
 0  64
Жалган маалымат

Кыргыз Республикасынын «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жарандар интернет тармагында ага карата анык эмес (жалган) маалымат жайылтылган учурда Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээсине сайттан анык эмес (жалган) маалыматты токтоосуз (кайрылган учурдан тартып 24 сааттын ичинде) алып салууну жана/же мурда жарыяланган анык эмес (жалган) маалыматты жокко чыгаруучу маалыматты жарыялоо жөнүндө талап менен кайрылууга укуктуу.

Жогоруда белгиленген шарттар Интернет тармагындагы сайттын ээси же сайттын баракчасынын ээси тарабынан аткарылбаган учурда, арыз ээси Министрликке арыз менен кайрылууга укуктуу.

Арыз жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) жеке адамдар үчүн – фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жашаган жери, телефон номери. Арызга инсандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш;

2) юридикалык жактар үчүн – юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан жери, жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жетекчинин телефон/факс номери;

3) маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы;

4) арыз ээси тарабынан берилүүчү негизделген талап (арыздын предмети);

5) берилген күнү, айы жана жылы;

6) арыз ээсинин колу; юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын жетекчисинин колу;

7) Интернет тармагындагы сайттын домендик аталышы, анын тармактык дареги, анык эмес (жалган) маалымат жайгаштырылган Интернет тармагындагы сайттын баракчасынын көрсөткүчү;

8) Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээсине арыз ээсинин кайрылган күнүн жана убактысын ырастоочу маалымат же материалдар;

9) Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин анык эмес (жалган) маалыматты алып салуудан жана аны жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты жайгаштыруудан баш тартканын ырастоочу маалымат же материалдар (бар болсо).

Арыз ээси арызга кошумча маалыматтарды же материалдарды тиркөөгө укуктуу.