Мамлекеттик малымат саясаты

Сентябрь 10, 2023 - 23:15
Март 24, 2025 - 17:19
 300
Мамлекеттик малымат саясаты

Маалыматтык саясатты жүргүзүү башкармалыгы

Маалыматтык саясатты жүргүзүү башкармалыгына мамлекеттик маалыматтык саясатты иштеп чыгуу жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик системасын түзүү боюнча тийиштүү ыйгарым укуктар берилген жана Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткаруу бийлигинин координатору болуп саналат. 
Башкармалыктын штаттык санын төмөнкүлөр түзөт: башкармалыктын начальниги (1), Башкы адис (1), Жетектөөчү адис (2) жана адис (1).
Башкармалык өзүнүн курамына Лицензиялык контролдоо жана анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу бөлүмүн камтыйт.

Маалыматтык саясатты жүргүзүү башкармалыгынын милдеттери

1. Мамлекеттик маалыматтык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2. Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздукту жана жарандардын сөз эркиндигине, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон укуктарын камсыз кылуу;
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарын, тармактык басылмаларды жана башка маалымат таратуучуларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
4. Улуттук аудиовизуалдык коомдук маанилүү контентти өндүрүү жана жайылтуу үчүн шарттарды камсыз кылуу;
5. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүү;
6. Маалымат чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты түзүү жана башка милдеттер. 

Маалыматтык саясатты жүргүзүү башкармалыгынын функциялары

1. Аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга берилген уруксаттардын реестрин жүргүзөт;
2. Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү, кайра тариздөө, баш тартуу, токтото туруу, токтотуу, жокко чыгаруу жана кайра жаңылоо жол-жоболорун жүзөгө ашырат;
3. Маалымат жаатындагы кырдаалга мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
4. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөк көрсөтөт;
5. Социалдык пакеттин калк үчүн акысыз негизде таркатылышына жана анын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт;
6. Социалдык пакетти түзүүнүн артыкчылыктарын аныктайт;
7. Мамлекетти программаларды жайылтуу иш чараларын жүргүзөт.

Башкармалыкка караштуу басылмалар

1.    Чүй облустук “Чүй баяны” гезити;
2.    Ысык-Көл облусунун “Ысык-Көл кабарлары” гезити;
3.    Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезити;
4.    Жалал-Абад облустук “Акыйкат” гезити;
5.    Жалал-Абад облустук “Жалал-Абад тонги” гезити;
6.    Баткен облустук “Баткен таңы” гезити;
7.    Талас облустук “Талас байрагы” гезити;
8.    Ош облустук “Уш садоси” гезити.

1.    “Жеткинчек” балдар гезити;
2.    “Кырчын” журналы;
3.    “Байчечекей” балдар журналы.

Маалымат чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдар

1. Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодекси; 
2. Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 2-июлундагы “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 5-декабрындагы “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-августундагы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамы;
7. Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун ТАРТИБИ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 204 токтомуна);
8. Кыргыз Республткасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 
23-июнундагы № 349 “Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому. 

Өлкөдөгү бирдиктүү маалымат саясатын калыптандыруу иштери

1. КРнын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 жарлыгы “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө;
2. КРнын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 1 жарлыгы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”;
3. КРнын  Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 157 Жарлыгы “Улуттук нарк жөнүндө”;
4. 2021-2035-жылдарда Баткен областын өнүктүрүу программасы;
5. КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы №748 тескемеси 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планы;
6. КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №227 токтому “Кыргыз Республикасында 2022-2025-жылдарга адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы”;
7. КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2014-жылдын 3-февралы №54 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизаттарга каршы программасы;
8. КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 141 токтому 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы;
9. КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 токтому Кыргыз Республикасында жыл сайын балдарды коргоонун, улгайган адамдардын жана майыптардын эл аралык күнүн өткөрүү жөнүндө;
10. КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августу № 479 токтому 2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасы жөнүндө;

Лицензиялык контролдоо жана анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу бөлүмү

Лицензиялык контролдоо жана анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу бөлүмү Маалыматтык саясатты жүргүзүү башкармалыгынын түзүмдүк бүлүмү болуп эсептелинет.
Бөлүм бөлүм башчыдан (1), Башкы адистен (1), Жетектөөчү адистен (1) жана адистен (1) турат.

Бөлүмдүн милдеттери 
1. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин калк үчүн акысыз негизде таратууну жана анын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
2. Лицензиялык-уруксат берүү тутуму, жалпыга маалымдоо каражаттары, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын телерадио уюмдары жана телерадиоберүү операторлору тарабынан сакталышын камсыз кылуу;
3. Жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана аларды интернет-мейкиндикте анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуудан коргоо.

Бөлүмдүн функциялары
1. Бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
2. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын калк үчүн таралышына жана анын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт жана аны түзүүнүн артыкчылыктарын аныктайт;
3. Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму, жалпыга маалымдоо каражаттары, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын телерадио уюмдары жана телерадиоберүү операторлору тарабынан сакталышына лицензиялык контроль жүргүзөт;
4. Маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта (анын ичинде Интернет тармагында) балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылат;
5. “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормалары аткарылбаган учурда сайттын же интернет барагынын ишин токтотот;
6. “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, алардын дене тарбиялык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле башка тармактык ченемдик укуктук актылар бузулган учурда Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексине ылайык жоопкерчиликке тартат; 
7. Бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, суроо-талаптарын карайт.