Кол өнөрчүлөрдүн “Оймо” эл аралык фестивалы

Кол өнөрчүлөрдүн “Оймо” эл аралык фестивалы

Сентябрь 11, 2023 - 00:35
 0  137
Кол өнөрчүлөрдүн “Оймо” эл аралык фестивалы

Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүк рыногун өнүктүрүү, каада-салттарды жандандыруу, маданий мурастарды сактоо жана кыргыз бермети – Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу болуп саналат.

Жыл сайын өтүүчү “Оймо” фестивалы Борбордук Азиянын маданий турмушунда маанилүү окуя болуп калды. Көптөгөн туристтик компаниялар аны аймактык иш-чаралардын календарына киргизип, Кыргызстанга кошумча туристтерди тартууга жардам берет.

Эл аралык “Оймо” фестивалы Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Жарманке салттуу түрдө жайында Бишкекте, андан соң Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлөт. Иш-чара Кыргызстандын позитивдүү имиджин, туризм тармагын, маданий диалогду жана элдик дипломатияны колдоо максатында өткөрүлүп келет.