Маалымат саясаты

Сентябрь 14, 2023 - 20:07
Сентябрь 28, 2023 - 22:46
 0  192
Маалымат саясаты

Мамлекеттик маалымат саясаты

Маалыматтык саясат Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө», «ЖМК жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө», «Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-ноябрь 2017-жылдын № 762 «Мамлекеттик маалыматтык системалардын маалымат базаларында камтылган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер укуктук негизин түзөт.

Маалыматтык саясат башкармалыгы мамлекеттик маалыматтык саясатты иштеп чыгуу жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик системасын түзүү боюнча тийиштүү ыйгарым укуктар берилген жана Кыргыз Республикасынын маалыматтык саясатын жана маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткаруу бийлигинин координатору болуп саналат. Маалыматтык коопсуздук системасы бардык мамлекеттик бийликтин бутактарынын органдарынын, ошондой эле мыйзам чегинде жана жарандык коомдун түзүмүнө кирген, ушул чөйрөдө иштеп жаткан коомдук уюмдардын тыгыз өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде түзүлүшү керек.

Маалыматтык саясат башкармалыгы медиа рыногун жана маалыматтык кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүүгө, бул чөйрөдөгү ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, ЖМКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган аракеттерди координациялоого көмөк көрсөтөт жана өз ишмердүүлүгүн төмөнкү негизги багыттар боюнча жүргүзөт:

  1. Маалымат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
  2. Кыргыз Республикасынын «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» жана «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарын колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жана лицензиялык контрол боюнча бөлүктөрүнүн түздөн-түз ишке ашыруу.

Мамлекеттик аймактык жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашыруунун маанилүү компоненти болуп саналат. Мурда, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 7-декабрында № 834 бекитилген токтомуна ылайык 600дөн ашык кызматкер иштеген:

  • 6 аймактык мамлекеттик телерадиоберүү уюмдары (Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй) жана «Ынтымак» коомдук регионалдык телерадиокомпаниясы;
  • 12 облустук мамлекеттик гезит;
  • 34 райондук мамлекеттик гезит;
  • 2 журнал чыгаруучу басмакана;
  • 1 республикалык гезит редакциясы.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 430 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомуна ылайык ведомстволук уюмдар кирген башкаруу схемасында жалпы штаттык саны 410 адамдан турат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Кыргызстандын маалымат чөйрөсүндө улуттук кызыкчылыктарды чагылдырган максаттарга жетүү жана анын улуттук маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу милдети турат. Аларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мамлекеттин алдында мамлекеттик маалыматтык саясат тармагында аткара турган бир катар чаралар турат.

Ушундай милдеттердин бири мамлекеттик облустук жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтомун кабыл алуу болуп саналат. Бул чаралардын кабыл алынышы медиа ландшафттын өзгөрүшү менен шартталган, басма сөз каражаттары реалдуу рынок шарттарында иштөө үчүн жарыялоонун жаңы форматын табышы керек.

Реформанын алкагында тең укуктуу атаандаштыкка жөндөмдүү, маалыматтык чөйрөнү өнүктүрүү жана ЖМКны толук өзүн-өзү каржылоого өткөрүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик каржылоо акырындык менен кыскартылууда. Мамлекеттик региондук жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо мамлекеттик региондук телерадиокомпаниялардын базасында төмөнкүдөй формадагы бир нече платформаларды камтыган медиа борборлорду параллелдүү түзүү менен коштолот: ТВ, пресс-борбор, жаңылыктар сайты (анын ичинде мобилдик версиясы), гезиттер жана онлайн берүү (түз эфир), ошондой эле калкка жаңы сапаттуу кызматтардын пакетин көрсөтүү болуп саналат.

Маалыматтык саясат башкармалыгынын ишмердүүлүгү негизинен маалыматтык мейкиндикте улуттук кызыкчылыктарын камсыздоого, өлкөнүн коомдук-саясий өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу милдеттерин чечүү үчүн коомду консолидациялоого багытталган. Тематикалык артыкчылыктардын арасында өкмөттүн эң маанилүү чечимдерин маалыматтык камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө», «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө», «Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыктарда белгиленген милдеттерди, шайлоо процесстерин, республикалык жана республикалык масштабдагы окуяларды чагылдыруу ж.б. чараларды ишке ашыруу болуп саналат.

Башкармалык мамлекеттин жана коомдун коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушунун эң маанилүү маселелери боюнча мамлекеттик программаларды, ошондой эле бекитилген улуттук стратегияларды, концепцияларды жана Кыргыз Республикасынын Президенттин жарлыктарын чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин талдайт жана координациялайт, ошондой эле, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтык материалдарга мониторинг жүргүзөт. Белгилей кетсек, башкармалык бул улуттук стратегияларды жана мамлекеттик программаларды чагылдыруу менен алектенет. Учурда республикада 10дон ашык улуттук стратегиялар жана мамлекеттик программалар ишке ашырылууда. Парламенттик жана президенттик шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө маалыматтык колдоо көрсөтүү журналисттик жамааттардын эң маанилүү милдети.

Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча бекитилген Программаны ишке ашыруунун алкагында жер үстүндөгү санариптик телерадиоберүүнүн телекөрсөтүү каналдарынын Социалдык пакетин калыптандыруу боюнча кеңири иштер жүргүзүлөт.

Социалдык пакетке кирген телерадио уюмдарын техникалык модернизациялоо,  мамлекеттик жана расмий тилдерде улуттук аудиовизуалдык продуктуну чыгарууга мамлекеттик буйрутманы жайгаштыруу жана жеке иштеп жаткан телерадиоберүүчүлөр үчүн санариптик телерадиоберүүгө өтүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы санариптик телекөрсөтүүгө өтүү жөнүндө калкты маалымдоо.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган. Аталган мыйзам долбооруна ылайык, “Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Башкармалык бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууга катышкан.

Жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык, Маалыматтык саясат башкармалыгы телерадиоканалдарды аналогдук жана/же санариптик берүүнүн пакетине жайгаштырууга уруксат берүү жана лицензиялык контролдоо ыйгарым укуктары берилген. Телерадиоканалды аналогдук берүүгө жана (же) санариптик берүүнүн пакетине жайгаштыруу үчүн колдонулган технологияларга карабастан 765 уруксат берилген, анын ичинен 132 (92 телеканал, 40 радиоканал) телерадиоуюмдарга тарабынан жана 633 (7) телерадио берүү операторлоруна. Башкармалык телеберүүлөрдү көзөмөлдөп, телеканалдарга эскертүүлөр берип, айып пул салат.

Уруксат берүү системасын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесин (мамлекеттик тил жана өздүк контент) ишке ашыруу, ошондой эле телерадиоуюмдар тарабынан контентти жайылтууда автордук жана чектеш укуктарды сактоого багытталган чаралар иштелип чыгууда.

Калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында, позитивдүү жана сапаттуу маалыматтык контентти чыгаруу жана жайылтуу аркылуу башкармалык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Республикалык чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен бирдикте оорунун коркунучу, COVID-19 вакцинасынын таралышы боюнча калкка медициналык билим берүү боюнча иш алып барууда.

Кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу максатында, тиешелүү жобону иштеп чыгуу жана интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү борборун түзүү маселеси иштелип чыгууда. Бул ошондой эле актуалдуулуктун жогорку деңгээли жана акыркы мезгилде Кыргызстанда жалган маалыматтардын, өзгөчө социалдык тармактарда жана алардын коомго таасиринин күчөшү, ошондой эле медиа сабаттуулуктун төмөн деңгээли менен жайылтуу көйгөйүнө көбүрөөк туш болуп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. «Фейк жаңылыктардын» таасирине кабылган коомдун маалыматты кабыл алуусу олуттуу түрдө өзгөрүп, аларды түзүүчүлөр жана таратуучулар болгон кыргыз жарандарынын санынын өсүү тенденциясы байкалууда.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тарабынан (ошол кездеги расмий аталышы) жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Медиа диалог долбоору менен биргеликте 2021-2025-жылдарга карата Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу демилгеленген. Документ өлкөнүн орто мөөнөттүү келечектеги маалыматтык саясатынын максаттары жана милдеттери боюнча ар тараптардын консолидацияланган пикирин, күтүлүп жаткан натыйжаларга жана медиа секторун өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын, анын ичинде мамлекет тарабынан көмөктөшүүчү жөнгө салуу чаралары ММКнын плюрализмине жана рынокту өнүктүрүүгө түрктү болуп саналат.

Концепция- Кыргыз Республикасынын маалыматтык эгемендүүлүгүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жана медиа секторун өнүктүрүү, сөз эркиндигин жана пикирлердин плюрализмин коргоо максатында иштелип чыккан. Документтин долбоору кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн, анын ичинде медиа уюмдардын жана контент-продюсерлердин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана бизнес уюмдарынын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда алты айдан ашык убакытта иштелип чыккан.

Эл аралык кызматташтыктын алкагында башкармалык төмөнкүдөй ассоциацияларда жана эл аралык уюмдарда активдүү өз ара аракеттенет: Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Түрк Кеңешинин жалпыга маалымдоо каражаттарынын Координациялык комитети, ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси, БУУнун-Аялдар, Луч света, ЖМКны колдоо борбору, «Журналисттер» коомдук уюму, Журналисттердин көз карандысыз союзу, Борбордук Азиянын ЖМКлары ж.б.

Маалыматтык саясат башкармалыгынын планында Кыргызстандын маалымат жана басма сөз күнүнө арналган жыл сайын гендердик сезимтал журналистика, журналисттердин коопсуздугу, медиа сабаттуулугун жогорулатуу жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча  Өнөктөш медиа-конференция уюштуруп келет.