Студенттер койгон спектаклдердин эл аралык VIII “Жаңы ысымдар” театр фестивалы расмий ачылды

Студенттер койгон спектаклдердин эл аралык VIII “Жаңы ысымдар” театр фестивалы расмий ачылды

Декабрь 26, 2023 - 00:50
 0  91

Бүгүн, 18-декабрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эл аралык VIII “Жаңы ысымдар” театр фестивалынын расмий ачылышы өттү.
Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулмамбетов баштаган калыстар тобунун курамы, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Түмөнбай Колдошов жетектеген аталган окуу жайдын кызматкерлери, бир катар маданият ишмерлери жана жаштар катышты.
Тимурлан Ажымалиев өз сөзүндө VIII ирет өтүп жаткан “Жаңы ысымдар” фестивалынын маанисине токтолуп, фестивалга катышуу үчүн КМШ өлкөлөрүнөн келген жана Кыргызстандык жалпы катышуучуларды куттуктап, фестивалдын ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.
"Жаңы ысымдар" фестиваль жаш таланттарыбыздын өнөрүнүн өркүндөшүнө, чыгармачыл дараметинин жанданышына өбөлгө болуп, болочок искусство чеберлеринин адистик жактан калыптанышына зор таасирин тийгизүүдө, "Жаңы ысымдар" фестивалы республикабыздын көркөм-маданий тармагында өзүнүн туруктуу ордун таба алды, бул фестиваль Шериктеш өлкөлөр арасында театралдык билим берүү, искусство жаатында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу жаатында мыкты аянтча болуп бере алат деп ишенем"- деди министрдин биринчи орун басары.
Иш-чара чакан концерттик программа менен коштолуп, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери белгилүү француз куудулу Жорж Фейдонун пьесасынын негизинде коюлган Кыргыз Республикасынын эл артисти Эгемберди Бекболиевдин комедия жанрындагы «Айымдар кийимин тигүүчү” спектаклин тартуулашты.
Белгилесек, сегизинчи ирет өтүп жаткан фестивалда Кыргызстандык студенттерден тышкары Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген студенттер 22-декабрга чейин Бишкек шаарындагы театрларда көрүүчүлөргө спектаклдерин акысыз тартуулашат.
Фестивалдын максаты - театр окуу жайларынын студенттеринин чыгармачылык жетишкендиктерин көрсөтүү жана баалоо, мамлекеттер ортосунда театралдык билим берүү жана искусство жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо, студенттердин чыгармачылык дараметин өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Калыстар тобунун курамына Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзунун президенти, искусство таануу илимдеринин кандидаты Жаныш Кулмамбетов, Өзбек мамлекеттик искусство жана маданият институтунун профессору, педагогика илимдеринин доктору Жахонгир Маматкосимов, (Өзбекстан) Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гүлайым Каныметова, Россия театр искусствосу институту- ГИТИСтин окутуучусу Анастасия Иванова (Россия) жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр факультетинин деканы Сайрагүл Эсенбаева кирген.