Кыргыз- өзбек маданий алакалары өнүгүүдө

Кыргыз- өзбек маданий алакалары өнүгүүдө

Декабрь 26, 2023 - 01:39
 0  134
Кыргыз- өзбек маданий алакалары өнүгүүдө
Кыргыз- өзбек маданий алакалары өнүгүүдө
Кыргыз- өзбек маданий алакалары өнүгүүдө
Кыргыз- өзбек маданий алакалары өнүгүүдө
Кыргыз- өзбек маданий алакалары өнүгүүдө
Кыргыз- өзбек маданий алакалары өнүгүүдө
Кыргыз- өзбек маданий алакалары өнүгүүдө
20 –декабрда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Өзбекстан Республикасынын Маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджиканов, Кыргыз Ресубликасынын Өзбекстан Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Муса Джаманбаев, Өзбекстанда аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, чакырылган меймандар жана мекендештер катышты.
Маданий иш- чараны ачып жатып Алтынбек Максутов Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чараны өткөрүү, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу болуп саналарын белгиледи.
Ошондой эле ал, кыргыз жана өзбек элдеринин ортосунда эл аралык деңгээлдеги маанилүү даталарды жана иш-чараларды чогуу белгилөө жакшы салтка айланганын, эки элдин улуу тарыхый барактарын, улуттук руханий мурастарын, окшоштугун, артыкчылыгын тереңден сезүүгө мүмкүнчүлүк болуп жатканын белгиледи.
Ошондой эле министр, тилибиздеги, дилибиздеги окшоштук эки элдин ортосундагы ажырагыс бекем көпүрө катары биримдиктин маанилүү компоненти болуп калаарын, ага жазуучулардын жана агартуучулардын иш-аракеттери өзгөчө мааниге ээ экендигин, эки элдин казынасында көптөгөн ойчулдардын, акындардын жана жазуучулардын чыгармалары сакталгандыгы ага негиз болуп саналаарын айтты.
Аны менен катар, Алтынбек Максутов бул жылы бир катар мамлекеттерде Чынгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси кеңири белгиленип жатканын сыймыктануу менен баса белгиледи.
Өзбекстандын Маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджиканов эки элди ортосундагы достук мамилелер мындан ары өнүгө тургандыгын, тарыхый кадамдар ташталган мындай алакалар өз жемишин берип, учурда тыгыз маданий кызматташтык болуп жатканын баса белгилеп, кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары Өзбекстанда да көп окулган чыгармалардын катарын толуктай тургандыгын айтып, ар убакта маданий кызматташуунун бардык деңгээлинде кызматташууга кызыктар экендигин белгиледи.
Андан соң, кыргыздын искусство чеберлеринин концерттик программасы тартууланып, ал коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.
Эске салсак, аталган иш- чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Маданият министрлиги жана Кыргыз Ресубликасынын Өзбекстандагы Элчилигинин колдоосунда болуп, “Туркистон” искусство сарайында өттү.