Чүй камералык оркестри чыгармачылык гастроль менен Ысык-Көлгө барат

Декабрь 26, 2023 - 01:28
 0  98

Чүй камералык оркестри жаңы жылдык майрамдын алдында Ысык- Көл облусуна чыгармачылык гастроль менен барат. Камералык оркестр алгач 22-декабрда Балыкчы шаарындагы Болот Минжылкыев атындагы балдар музыкалык мектебине, андан соң 23-декабрда
Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театрында көрүүчүлөргө концерт тартуулайт.
Концерттик программада кыргыз композиторлорунун жана дүйнөлүк классикалык музыкалардан сырткары заманбап жаңы жылдык кайрыктар тартууланат.
Мындан сырткары концертке А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын солисти Эльгиз Бейшенбаев жана ырчы Сымбат Кайыпчы кызы катышмакчы.
Оркестрдин дирижеру – Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахатбек Осмоналиев.
Чүй камералык оркестри буга чейин Талас облусунда чыгармачылык гастроль менен болду.