“Жаңы ысымдар” театр фестивалы ийгиликтүү аяктады

Декабрь 26, 2023 - 02:03
 0  106
“Жаңы ысымдар” театр фестивалы ийгиликтүү аяктады
“Жаңы ысымдар” театр фестивалы ийгиликтүү аяктады
“Жаңы ысымдар” театр фестивалы ийгиликтүү аяктады
“Жаңы ысымдар” театр фестивалы ийгиликтүү аяктады
“Жаңы ысымдар” театр фестивалы ийгиликтүү аяктады
Бүгүн, 21- декабрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Жаңы ысымдар” VIII Эл аралык студенттик спектаклдердин театр фестивалы жыйынтыкталды.
Фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, калыстар тобунун курамы жана маданият ишмерлери катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов “Жаңы ысымдар” театр фестивалынын маанисине токтолуп, аталган фестивалды мындан ары да ийгиликтүү улантуу керектигин, фестиваль шериктеш өлкөлөр арасында маданий кызматташтыкты өркүндөтүүнүн өзгөчө бир символу болоорун баса белгиледи.
Ал эми министрдин орун басары Марат Тагаев фестивалга катышкан бардык катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, театр өнөрпоздоруна ийгиликтерди каалады.
Андан соң, фестивалдын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылып, белгилүү өнөр адамдарынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.