Министр Алтынбек Максутов Россиянын "Ну-ка, все вместе!" долбоорунун жеңүүчүлөрү Азат Раимбердиев жана Бек Исраилов менен жолугушту

Министр Алтынбек Максутов Россиянын "Ну-ка, все вместе!" долбоорунун жеңүүчүлөрү Азат Раимбердиев жана Бек Исраилов менен жолугушту

Декабрь 21, 2023 - 00:49
 0  46
Министр Алтынбек Максутов Россиянын "Ну-ка, все вместе!" долбоорунун жеңүүчүлөрү Азат Раимбердиев жана Бек Исраилов менен жолугушту
Министр Алтынбек Максутов Россиянын "Ну-ка, все вместе!" долбоорунун жеңүүчүлөрү Азат Раимбердиев жана Бек Исраилов менен жолугушту
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Россиянын "Ну-ка, все вместе!" музыкалык долбоорунун жеңүүчүлөрү Азат Раимбердиев жана Бек Исраилов менен жолугушту.
Жолугушууда министр ырчыларды жеңиши менен куттуктап, аларга чыгармачылык ийгилик каалады.
Ырчылар чыгармачылыктагы пландары менен бөлүшүп, алдыда эл аралык сынактарга катышууга даярдык көрүп жатышканын, мындай жолугушуу аларга чыгармачылык дем бере тургандыгын белгилеп, министрге ыраазычылык билдиришти.
Эске салсак, Кыргызстандык ырчылар Бек Исраилов менен Азат Раимбердиев Россиянын "Ну-ка, все вместе!" музыкалык долбоорунда катышып, финалга чыгышкан.
Анда Исраилов Филипп Киркоровдун "Немного жаль" аталышындагы ырын аткарып, калыстардын 93 упайына ээ болсо, Азат Раимбердиев Imagine Dragon рок-тайпасынын Believer чыгармасын аткарып, 100 упай алган.
Жыйынтыгында Азат Раимбердиев аталган долбоордо 2-орунга ээ болсо, Бек Исраилов 4- орунга татыган.