Тимурлан Ажымалиев менен Бахрейн Королдугунун Жаштар иштери боюнча министри Раван Бинт Наджиб Тауфикинин жолугушуусу болду

Тимурлан Ажымалиев менен Бахрейн Королдугунун Жаштар иштери боюнча министри Раван Бинт Наджиб Тауфикинин жолугушуусу болду

Декабрь 21, 2023 - 01:03
Январь 13, 2024 - 12:23
 0  30
Тимурлан Ажымалиев менен Бахрейн Королдугунун Жаштар иштери боюнча министри Раван Бинт Наджиб Тауфикинин жолугушуусу болду
Тимурлан Ажымалиев менен Бахрейн Королдугунун Жаштар иштери боюнча министри Раван Бинт Наджиб Тауфикинин жолугушуусу болду
Бүгүн, 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев менен Бахрейн Королдугунун Жаштар иштери боюнча министри Раван Бинт Наджиб Тауфикинин жолугушуусу болду. Жолугушууга министрдин орун басары Марат Тагаев да катышты.
Жолугушууда жаштар саясаты жаатындагы кызматташуу, анын ичинде кызматташуу жөнүндө меморандум түзүү, жаштар демилгелерин биргелешип өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жаштар борборлорун жана уюмдарын колдоо, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү таланттуу жаштарды колдоо, жаштар лидерлиги, маданий алмашуу жана эл аралык долбоорлорго жана демилгелерге катышуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар жаштар саясаты жаатында эки тараптуу эксперттерди алмашуу жана 2024-жылга карата эки тараптуу кызматташуунун пландарын иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.