Нуржигит Кадырбековдун “Мен атамды таптым" аттуу китебинин таанытмасы өттү

Март 5, 2024 - 19:34
 0  168

Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбековдун “Мен атамды таптым” аттуу китебинин таанытмасы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында өттү.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, атайын чакырылган расмий өкүлдөр жана кеңири коомчулук катышты.
Алтынбек Максутов Нуржигит Кадырбековдун аталган китебинин жарыкка чыгышы менен куттуктап, учурда мамлекеттик жооптуу кызматта иштеп жатканына карабастан, чыгармачылык менен алектенип, аны кошо ала жүргөнү мактоого татыктуу экенин белгилеп, авторго жаңы муунду китепке болгон сүйүүсүн арттырууга салым кошуп жатканы үчүн ыраазчылык билдирди.
Нуржигит Кадырбековдун “Мен атамды таптым”аттуу кезектеги бул жыйнагы жатык тил менен ар түрдүү жанрларда жазылган жаңы чыгармаларын, ой толгоолорун, макалаларын жана эскерүүлөрүн камтыйт.
Буга чейин анын «Нурлуу толкундар» ырлар жыйнагынын, “Бир гана сенсиң”, “Ант”, “Япон кереметинин сырлары”, “Азиянын арстаны”, “Ээсине кайткан роза”ж.б. китептери жарыкка чыккан.
Нуржижигит Кадырбеков Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.