Алтынбек Максутов Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту

Март 6, 2024 - 17:39
 0  71

Бүгүн, 6-мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын маданият тармагындагы мамилелери принципиалдуу пикир келишпестиктердин жоктугу, көптөгөн актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча көз караштарынын окшоштугу, тараптардын өз ара мамилелерди бекемдөөгө умтулуусу достук, коңшулаштык, өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдүү өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү менен мүнөздөлөөрүн белгилешти.
Министр Алтынбек Максүтов биргелешкен аракеттер эки өлкөнүн интеграциялык байланыштарын кеңейтип, чыңдап, достук форматындагы мамилелерди курууга көмөктөшүп, элдердин жакындашуусуна салым кошот деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу маселелерин, учурдагы абалын жана келечегин талкуулашып, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын билдиришти.