Президенттин жаштарга кайрылуусу Медициналык академияда көрсөтүлдү

Президенттин жаштарга кайрылуусу Медициналык академияда көрсөтүлдү

Декабрь 25, 2023 - 22:57
Январь 24, 2024 - 18:23
 0  40
Президенттин жаштарга кайрылуусу Медициналык академияда көрсөтүлдү
Президенттин жаштарга кайрылуусу Медициналык академияда көрсөтүлдү
Президенттин жаштарга кайрылуусу Медициналык академияда көрсөтүлдү
Президенттин жаштарга кайрылуусу Медициналык академияда көрсөтүлдү
Бүгүн, 2023-жылдын 14-декабрында “Кыялымдагы Кыргызстан” республикалык жаштар форумундагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кайрылуусу Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттерине көрсөтүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова катышты.
“Кыялымдагы Кыргызстан” республикалык жаштар форумунда айтылган маселелер боюнча академиянын студенттери да өз ойлорун ортого салып, докладдар жасалды.
Президентин жаштарга болгон кайрылуусун жаштар арасында жайылтуу иштери Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларында жана мектептеринде мындан ары да улантылат.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Республикалык “Кыялымдагы Кыргызстан” республикалык жаштар форуму өткөн. Ага эки миңден ашык жаштар катышкан.