"Асан бий уулу Алымбек Датка" коомдук кайрымдуулук фонду негизделди

"Асан бий уулу Алымбек Датка" коомдук кайрымдуулук фонду негизделди

Декабрь 25, 2023 - 23:02
 0  79

Бүгүн, 14-декабрда Кыргыз улуттук тарых музейинде "Асан бий уулу Алымбек Датка" коомдук кайрымдуулук фондунун ачылуу аземи болуп өттү.
Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Эл баатырлары Медеткан Шеримкулов, Миталип Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, тарыхчылар жана Алымбек Датканын урпактары, фонддун мүчөлөрү катышты.
Министр Алтынбек Максутов өз сөзүндө Алымбек Датканын тарыхтагы барандуу ордун белгилеп, “Бүгүнкү түзүлүп жаткан коомдук фонд алдыда чоң иштерди жасайт деп ишенем, министрлик өз компетенциясынын чегинде фонддун ишине көмөктөшүүгө жана бирге иштешүүгө даяр экендигибизди каалоо менен бирге, фондун алдыдагы иши ийгиликтүү болушуна тилектешмин”-деди министр.
Иш-чаранын жүрүшүндө Алымбек Датка тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын манасчы, акындары тарабынан даярдалган чакан маданий программа тартууланды.