Кыргыз улуттук консерватория дүйнөгө белгилүү Steinway & Sons компаниясынын D-274 моделдеги роялына ээ болушту

Кыргыз улуттук консерватория дүйнөгө белгилүү Steinway & Sons компаниясынын D-274 моделдеги роялына ээ болушту

Декабрь 26, 2023 - 01:22
 0  109

Бүгүн, 20-декабрда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда дүйнөгө белгилүү Steinway & Sons компаниясынын Steinway & Sons D274 моделдеги концерттик роялдын бет ачары өттү.
Бул иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, аталган мекеменин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.
Эдиль Байсалов роялдын сертификатын консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевге расмий тапшырып жатып, музыка чөйрөсүндөгү бул саамалык менен окутуучулар жамаатын чын жүрөктөн куттуктап, куттуу мекемеде дүйнө жүзүнө кенири таанымал бул роялда ойной турган келечектеги залкар музыканттар тарбиялана беришине тилектештигин билдирди.
Андан сон Консерваториянын окутуучулары жана студенттери роялда дүйнөлүк классикалык чыгармаларды ойноп беришти.
Steinway & Sons D274 моделдеги концерттик роялы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” Жарлыгына ылайык, маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нургожоевичтин тапшырмасы менен бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен алынды.
Белгилесек, эгемендикти алган жылдан тартып, аталган музыкалык аспап
К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияга алгачкы ирет алынды.
Маалымат катары:
Steinway & Sons — америкалык фортепиано өндүрүүчү компания. 1853-жылы негизделген.1995-жылдан бери ал Steinway Musical Instruments, Inc конгломератынын бир бөлүгү болуп саналат.
Steinway & Sons роялдары жумшак жана ширелүү үнү, ошондой эле баскычтарынын бир кыйла жогорку каршылыгы менен белгилүү. Steinway & Sons аспаптарынын баасы өтө жогору.
Дүйнө жүзүндөгү 110дон ашык консерваториялар, университеттер, колледждер жана музыкалык мектептер билим берүү жана концерттик максаттарда Steinway & Sons роялдарын жана пианинолорун гана колдонушат. Мындай окуу жайлары All-Steinway School деген наамга ээ.
Узундугу 274 см болгон бул керемет музыкалык аспап концерттик роялдардын туу чокусу – мыкты пианисттердин, ошондой эле жогорку деңгээлдеги музыкалык экспрессияны талап кылгандардын ар тараптуу жана артыкчылыктуу тандоосу болуп саналат.
Жыл сайын дүйнөлүк концерттик мезгилдердин жыйынтыгы боюнча симфониялык оркестрлер менен ойногон пианисттердин 97,8% Steinway роялдарын тандашат.
Ар бир концерттик сезондо Steinway & Sons роялдары 95% кем эмес аткаруу үлүшүн алышат. Бул статистика Steinway & Sons фортепианосу 10 концерттик пианисттин ичинен 9унун тандоосу бойдон кала берээрин жана дүйнө жүзү боюнча профессионалдар жана ышкыбоздор үчүн эң керектүү аспап экенин ырааттуу тастыктайт.