Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланат

Ноябрь 28, 2024 - 09:18
 56
Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланат

Аталган кызмат орунуна (директор) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:


“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 5 жылдан кем эмес.

Директордун кызматтык милдеттери:

-     директор мекеменин Уставынын негизинде өз укуктарын жана милдеттерин ишке ашырат жана мекеменин ишинин натыйжалары үчүн толук жоопкерчилик тартат;

-     штаттык жана финансылык тартиптин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;

-     буйруктарды чыгарат, бардык кызматкерлер жана студенттер аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;

-     педагогикалык жана администрациялык персоналдын курамын түзөт;

-     мекеменин ички тартибин, түзүмүн бекитет;

-     өзүнүн орун басарларын дайындайт;

-     мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;

-     кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;

-     монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу контракттык окутуунун наркынын сметасын бекитет.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

-     арыз;

-     паспорттун көчүрмөсү;

-     кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефондорун көрсөтүү менен);

-     резюме;

-     белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);

-     белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);

-     соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

-     3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;

-     билим берүү мекемесин өнүктүрүүнүн перспективдүү планы.

 

Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 28-ноябрынан
тартып 11-декабрына чейин кошуп эсептөө менен тапшырылууга тийиш.

Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №106 кабинет (саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин), байланыш телефондору: +996 312 623639, 662683.

Талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга катышууга жол берилбейт.