КЫРГЫЗ-КАЗАК ТӨКМӨ АКЫНДАРЫНЫН XVIII ЭЛ АРАЛЫК АЙТЫШЫ – УЛУУ МУРАСТЫН УЛАНДЫСЫ

Сентябрь 2, 2025 - 13:01
 15

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосунда, өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө карата Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына, Рахматулла Козукеевдин 70 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындардын XVIII эл аралык айтышы өттү.
Маданий иш-чара Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында болуп, анда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти, маараке ээси Рахматулла Козукеев, Кыргыз Республикасынын эл артисти, калыстар тобунун төрагасы Түгөлбай Казаков, Казакстан Республикасынын филалогия илимдеринин доктору, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Аманжол Дуйсенбайулы Алтай куттук сөз сүйлөштү.
Министр Мирбек Мамбеталиев "айтышта төкмө акындар кыргыз менен казактын бир туугандыгын, достугун жана ынтымагын ыр саптары аркылуу даңазалап, ата-бабаларыбыздан калган улуу өнөрдү жаңыртып, мамлекетибиздин башкы майрамын өзгөчө көркүнө чыгарышат"- деген ишенимин билдирип, ар бир акындын сөзү элдин жүрөгүнө жетип, ар бир акын улуттук рухту көтөрүп, өнөрдүн сересинде эргишин каалап өттү.
Белгилесек, иш-чара республикалык деңгээлде 27–29-августта Токтогул, Аксы жана Сузак райондорунда башталып, Жалал-Абад шаарында эл аралык масштабда уланууда.
Эртең, 31-августта мыктылар аныкталып, айтыштын жыйынтыгы чыгарылат.