КМШга мүчө мамлекеттердин ыктыярчыларынын эл аралык форумунун ачылыш аземи болуп өттү

Август 2, 2024 - 14:39
 23

2024-жылдын 1-августунда Ысык – Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин ыктыярчыларынын эл аралык форумунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Форумдун салтаннатуу ачылышында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары М. Тагаев, КМШнын Башкы катчысынын орун басары Н. Сейтимбаев жана БУУнун Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча кеңсесинин регионалдык менеджери Р. Сабаева куттуктоо сөз сүйлөп, форумдун ишине ийгилик каалашты.
Форумга Кыргыз Республикасынан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан Республикаларынан, Россия Федерациясынан, Түркмөнстандан жана Өзбекстан Республикасынан 120 катышуучу катышып жатат.
Бул форум КМШ өлкөлөрүнүн волонтердук уюмдарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана волонтердукту туруктуу өнүгүүнүн маанилүү компоненти катары илгерилетүүгө багытталган, волонтердук ишмердүүлүк жаатындагы тажрыйба, билим жана мыкты кейстер менен алмашуу үчүн уникалдуу платформа.
Форумду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурууда. Форумга волонтердук уюмдардын, мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн активдүү жарандары жана жаштары катышууда.
Форумдун башкы максаты – туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана волонтердук ишмердүүлүктү өнүктүрүү.
Форумдун алкагында төмөнкү темалар каралат:
• КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда волонтердук чөйрөдө тажрыйба алмашуу жана мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүү.
• Ыктыярдуу уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты жана өнөктөштүктү өнүктүрүү.
• Социалдык, экологиялык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн ыктыярдуулуктун маанилүүлүгүнө көңүл буруу.
• БУУ тарабынан бекитилген ТӨМдү КМШга мүчө мамлекеттердин волонтердук уюмдарынын ишине интеграциялоо.
• Активдүү жарандык коомду калыптандыруу жана жаштарды волонтердук ишке тартуу үчүн шарттарды түзүү.