Министрликтин аймактык маданият бөлүмдөрү

Сентябрь 3, 2023 - 20:37
 0  213
Министрликтин аймактык маданият бөлүмдөрү

Аймактык маданият бөлүмдөр өзүнүн ишмердүүлүгүн министрликтин жетектөөсүнүн алдында жүргүзөт жана шаар, район аймагындагы   маданият чөйрөдө, мамлекеттик башкаруудагы ыйгарым аткаруучу  тармактык  мекеме болуп саналат. Министирликтин алдында 40 райондук жана 14  шаардык маданият бөлүмү бар. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө аймактык бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин указ жана буйрутмаларына, Кыргыз Республикасынын Өкмотунун токтомдоруна, министрликтин буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын маданият ,маалымат жана туризм министрлигинин аймактык болүмү жөнүндө Жобосуна ылайык иштерин алып барышат. Маданият бөлүмдөрүнүн негизги максаты бул мамлекеттик саясатты маданият, маалымат жана туризм чөйрөдө аймактарда ишке ашыруу, ошондой эле элдерди искусствого, дүйнөлүк жана ата – мекендик маданиятка тартуу менен бирге, маданиятты өнүктүрүүгө социалдык-экономикалык укуктук шарт түзүү болуп саналат.

Аймактык маданият бөлүмдөрдүн негизги маселелери

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аймактык бөлүм жөнүндө  жобосуна ылайык,  аймактык бөлүмдөрүнүн негизги маселелери төмөнкүлөр :

– райондук маданият чөйрөдо маданият процесстерин сактоо, көбөйтүү, өнүктүрүү, ошондой эле жаңы ыкмадагы ишмердүүлүктөрдү колдоо;

– ар түрдүү эс алуу чөйрөнүн өнүгүүсүнө көмөк көргөзүү жана калктын ар кандай катмарынын арасында маданият эс алуу ишмердүүлүктү камсыздоо;

– район, шаар маданият мекемелерин квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо, алардын билимин жана тажрыйбасын калкты руханий жактан  тарбиялоо максатында ишке ашышына шарт түзүү;

– райондо, шаарларда элдик көркөм чыгармачылыкты сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле ички туризмди уюштуруу;

– профессионалдык көркөм искусствого ар тараптуу колдоо көргөзүүнү камсыздоо жана  сактоого, өнүгүүсүнө, жетилтүүсүно  шарттарды түзүү;

-аймактык бөлүмдүн карамагындагы маданият жана исскуство мекемелери  талап кылынган эрежелерди, нормативдерди жана стандарттарды сактоосун көзөмөлдөө;

-Кыргызстан жарандарынын  маданиятынын өнүгүүсүнө ар тараптуу көмөк көргөзүү, Кыргыз Республикасынын улуттар арасындагы маданий баалулуктарды  жайылтуу;

– тарыхый-маданият мурастарды  тактоо,изилдөө, учетко алуу,  сактоо боюнча  чечим кабыл алуу;

–  тарыхый-маданият мурастарын   кайтаруу  жана пайдалануу  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын  негизинде камсыздоо;

– тарыхый-маданият мурастарын   кайтаруу, изилдоо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу боюнча  мамлекеттик программаларды ишке ашыруу;

– маданият жана искусство мекемелери тарабынан  уюшулган тейлөөнүн сапатын жогорулатуу;

– маданият жана искусство мекемелери өнүгүүсүнө көмөк көргөзүү, калктын  ар кандай катмарынын маданий эс алуу  ишмердүүлүгүн камсыздоо.

Аймактык маданият бөлүмдөр:

Чүй облусу

Чүй райондук маданият бөлүмү

Ысык-Ата райондук маданият бөлүмү

Аламүдүн райондук маданият бөлүмү

Кемин райондук маданият бөлүмү

Жайыл райондук маданият бөлүмү

Сокулук райондук маданият бөлүму

Москва райондук маданият бөлүмү

Панфилов райондук маданият бөлүмү

Токмок шаардык маданият бөлүмү

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз райондук маданият бөлүмү

Ак-Суу райондук маданият бөлүмү

Ысык-Көл райондук маданият бөлүмү

Тоң райондук маданият бөлүмү

Түп райондук маданият бөлүмү

Балыкчы шаардык маданият бөлүмү

Каракол шаардык маданият бөлүмү

Талас облусу

Талас райондук маданият бөлүмү

Бакай-Ата райондук маданият бөлүмү

Кара-Буура райондук маданият бөлүмү

Манас райондук маданият бөлүмү

Талас шаардык маданият бөлүмү

Нарын облусу

Нарын райондук маданият бөлүмү

Ат-Башы райондук маданият бөлүмү

Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү

Жумгал райондук маданият бөлүмү

Кочкор райондук маданият бөлүмү

Нарын шаардык маданият бөлүмү

Ош облусу

Алай райондук маданият бөлүмү

Чоң-Алай райондук маданият бөлүмү

Араван райондук маданият бөлүмү

Кара-Кулжа райондук маданият бөлүмү

Кара-Суу райондук маданият бөлүмү

Өзгөн райондук маданият бөлүмү

Ноокат райондук маданият бөлүмү

Ош шаардык маданият башкармалыгы

Жалал-Абадская облусу

Ала-Бука райондук маданият бөлүмү

Аксы райондук маданият бөлүмү

Базар-Коргон райондук маданият бөлүмү

Сузак райондук маданият бөлүмү

Ноокен райондук маданият бөлүмү

Тогуз-Торо райондук маданият бөлүмү

Токтогул райондук маданият бөлүмү

Чаткал райондук маданият бөлүмү

Кара-Көл шаардык маданият бөлүмү

Майлы-Суу шаардык маданият бөлүмү

Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмү

Көк-Жаңгак шаардык маданият бөлүмү

Таш-Көмүр шаардык маданият бөлүмү

Баткен облусу

Баткен райондук маданият бөлүмү

Лейлек райондук маданият бөлүмү

Кадамжай райондук маданият бөлүмү

Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмү

Баткен шаардык маданият бөлүмү

Сүлүктү шаардык маданият бөлүмү