Министрликтин коллегиясы

Сентябрь 3, 2023 - 20:20
Сентябрь 3, 2023 - 20:23
 0  143
Министрликтин коллегиясы

Жобо 2023-жылдын 11-мартындагы

№173 буйругу менен бекитилди

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Коллегиясы жөнүндө жобо

  1. Жалпы жоболор
  2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Коллегиясы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты системасында туруктуу иштеген кеңешүүчү орган болуп саналат, коллегиялуулук жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчиликти алуу принциптерине таянуу менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча чечимдерди иштеп чыгууну жүзөгө ашырат.
  3. Коллегия Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (мындан ары – Министрлик) алдында Министрлик жөнүндө жобого ылайык түзүлөт.
  4. Коллегия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана колдонуудагы мыйзамдарын, Министрлик жөнүндө жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

Коллегия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри тарабынан бекитилет.

 

  1. Негизги милдеттери жана функциялары

 

  1. Коллегиянын негизги милдети Кыргыз Республикасында маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, Министрликтин, Министрликке караштуу маданият, маалымат жана спорт уюмдарынын ишин өркүндөтүү маселелерин кароо, ошондой эле Министрликтин негизги көйгөйлөрүн чечүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды иштеп чыгуу болуп саналат.
  2. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык коллегия:

– Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин, аймактык башкаруу органдарынын, башка кызыкдар ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилеринин маданиятты, маалыматты, спортту жана жаштар саясатын өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча сунуштарын карайт;

– Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин, уюмдарынын жетекчилеринин отчетторун угат;

– Министрликтин ишмердигинин маанилүү маселелери боюнча жогору турган текшерүүчү органдардын маалым каттарын, маалыматтарын угат;

– маданият жана искусство мекемелеринин, уюмдарынын оң иш тажрыйбасын карайт, жалпылайт жана аны иште колдонууга сунуштайт.

– маданият, искусство, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү маселесин карайт.

– коллегиалдуу чечүүнү талап кылган башка маселелер.

 

  • Коллегиянын курамы

 

  1. Коллегия 17 адамдан түзүлөт. Министр, министрдин биринчи орун басары, орун басарлары, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери курамга кызматы боюнча киришет.

Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын өкүлү, маданият, маалымат, жаштар, дене тарбия жана спорт ишмерлери кирет. Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.

7.Коллегиянын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кураторлук кылган түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет. Коллегиянын ишмердиги министрдин буйругу менен бекитилген Коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.

  1. Коллегия мүчөлөрүн курамдан чыгаруу төмөнкү учурларда ишке ашырылат:

– коллегия мүчөсү коллегиянын отурумдарына жана ишине системдүү катышпаса;

– кызмат орду боюнча коллегия мүчөсүнүн милдеттерин аткаруу токтотулганда;

– коллегия мүчөсү орган тарабынан макулдашуу боюнча чакыртып алынганда

  1. Коллегиянын төрагасы коллегиянын ишмердигинин негизги багыттарын аныктайт, анын ишин уюштурат, коллегиянын отурумдарын алып барат, коллегия мүчөлөрүнүн ортосунда тапшырмаларды бөлүштүрөт.
  2. Министр жок болгон учурда коллегиянын ишине министрдин орун басары жетекчилик кылат, ага коллегияны жетектөө милдети жүктөлгөн.

 

  1. Коллегиянын жана анын мүчөлөрүнүн укуктары
  2. Коллегиянын мүчөлөрү отурумдарда каралуучу маселелерди талкуулоодо жана коллегия тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге добуш берүүдө бирдей укуктарга ээ.
  3. Коллегиянын отурумдарда каралуучу жашыруун добуш берүү менен жүзөгө ашырылуучу сыйлоо маселелеринен тышкаркы маселелер боюнча чечимдери коллегия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добушунун негизинде кабыл алынат.

Маданият, искусство, маалымат  ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү үчүн коллегия мүчөлөрүнүн добуштарынын саны (кворум) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясы тарабынан коллегиянын ар бир отурумунда өзүнчө кабыл алынат.

Коллегияга катышпаган мүчөсүнүн отурумдун күн тартибиндеги маселелер боюнча жазуу жүзүндө берген пикири коллегиянын отурумунда каралууга тийиш жана коллегия мүчөлөрүнүн отурумга катышуу фактысы боюнча чыгарылган эсеби сыйлык маселелеринен тышкары добуш берүүдө эске алынат.

Эгерде чечим кабыл алууда коллегия мүчөлөрүнүн добуштары тең бөлүнсө, чечүүчү добуш укугу коллегиянын төрагасына таандык болот.

  1. Коллегиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

– кабыл алынып жаткан чечим боюнча жазуу жүзүндө өзгөчө пикирин берүүгө, ал сыйлык маселелерин кошпогондо Коллегиянын отурумунун протоколуна тиркелүүгө тийиш.

– коллегиянын протоколдору жана чечимдери менен таанышууга;

– коллегиянын төрагасына ыкчам чечүүнү талап кылган маселелер боюнча кезексиз отурум жөнүндө сунуш киргизүүгө.

  1. Коллегиянын чечимдери министрдин буйруктары менен ишке ашырылат.

 

  1. Коллегиянын ишин уюштуруу (иш регламенти)
  2. Коллегиянын ишмердигинин негизги формасы болуп күн тартибине киргизилген маселелерди жамааттык жана эркин талкуулоону жана негизделген чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу отурумдар саналат.
  3. Коллегиянын ишин пландаштыруу календардык жылга карата жүзөгө ашырылат. Коллегиянын отурумдарынын планы Коллегиянын отурумунда талкууланат жана сунушталат жана министр тарабынан бекитилет.

Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан коллегиянын планына берилген сунуштар ушул түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөргө кураторлук кылган министрдин орун басарлары менен алдын ала макулдашылат жана алар тарабынан виза коюлат.

Коллегиянын отурумдарындагы маселелер отурумдардын планына ылайык каралат. Министрдин чечими боюнча планда каралбаган маселелер кароого киргизилиши мүмкүн.

  1. Коллегиянын отурумдарын чакыруу коллегиянын иш планына ылайык, анын төрагасы тарабынан жүргүзүлөт, зарыл учурда кезексиз жыйындар өткөрүлүшү мүмкүн.

Коллегиянын отурумдарын даярдоону маселени даярдоого жооптуу түзүмдүк жана ведомстволук бөлүм тарабынан дайындалуучу коллегиянын катчысы жүзөгө ашырат.

Коллегиянын катчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

-коллегиянын жыйналышында карала турган маселелерди тактоо, толуктоо же өзгөртүү үчүн түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринен же түздөн-түз аткаруучулардан зарыл документтерди, маалым каттарды жана башка маалыматтарды сурап алууга;

– сапатсыз даярдалган, жеткире иштелип чыкпаган материалдарды бардык бөлүмдөр аткарууга милдеттүү болгон тиешелүү сын-пикирлери менен жеткире иштеп чыгууга кайтарууга;

– Министрликтин жетекчилигине коллегиянын ишинин маселеси боюнча сунуштарды киргизүүгө.

Коллегиянын катчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:

– коллегиянын иш кагаздарын жүргүзүүгө, коллегиянын материалдарында камтылган маалыматтардын зарыл болгон жашыруундуулугун камсыз кылууга;

– Коллегиянын отурумунда кароо үчүн берилген материалдардын сапатын, толуктугун жана өз убагында болушун контролдоого.

– коллегиянын мүчөлөрүн жана төрагасын коллегиянын отурумун өткөрүү үчүн бардык зарыл материалдар менен камсыз кылууга;

– коллегия тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга жана аларды коллегиянын төрагасына билдирүүгө;

– коллегиянын отуруму өткөн күндөн тартып үч күндүн ичинде жыйындын протоколун жана коллегиянын токтомун даярдоого жана коллегиянын төрагасына берүүгө.

  1. Эгерде Коллегиянын отурумунда коллегия мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын жарымынан кем эмеси катышса, ал укуктуу болуп саналат.

Коллегиянын мүчөлөрү коллегиянын отурумуна коллегиянын катчысы тарабынан чакыртылат.

  1. Коллегиянын отурумуна каралып жаткан маселеге түздөн-түз тиешеси бар үчүнчү жактар чакырылышы мүмкүн.

Коллегиянын жыйынына чакырылуучу адамдардын тизмеси министр менен макулдашуу боюнча маселени даярдоого жооптуу кызмат адамы тарабынан аныкталат.

Талкууга катышуусу зарыл болгон адамдар коллегиянын талкуусуна коюлган маселени даярдоо үчүн Министрликтин жооптуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан чакыртылат.

Коллегиянын отурумуна катышуу үчүн чакыртылган адамдарды чакыруу маселени даярдоо үчүн жооптуу кызмат адамынын, ал эми зарыл учурларда министрдин орун басарларынын колу менен таризделет.

  1. Коллегиянын отурумдарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу жана кино-, видео – жана фото сүрөткө тартуу, ошондой эле үн жазууларды жүргүзүү министр же министрдин орун басарлары менен макулдашуу боюнча Министрликтин басма сөз катчысы тарабынан уюштурулат.
  2. Коллегиянын отурумдарына материалдар коллегиянын катчысына маселени даярдоого жооптуу кызмат адамдары тарабынан отурумга чейин 10 күндөн кечиктирбестен берилет жана төмөндөгүлөрдү камтыйт:

– отурумда каралып жаткан маселе боюнча баяндама (маалым кат) ;

– отурумда каралуучу маселе боюнча коллегиянын чечиминин долбоору;

– ушул маселе боюнча отурумга чакырылуучу адамдардын тизмеси.

Туура таризделген сунуштар, сыйлоо баракчалары жана тиешелүү сыйлоо материалдары (коллегиалдуу органдын токтомдорунан же чечимдеринен көчүрмөлөр, сыйлоого талапкерлерди талкуулоонун протоколдору, эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, паспорттун көчүрмөлөрү жана сиңирген эмгегин ырастаган башка документтер (ведомстволук сыйлыктардын, дипломдордун, сыйлоо документтерин карай турган тастыктамалардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү ж. б.) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине майрам күндөрү (31-август жана 31-декабрь) белгиленген календардык датага чейин эки ай мурда берилиши керек. Кырып өчүрүлгөн жана оңдоолору бар сыйлоо документтери кабыл алынбайт.

Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн документтер жалпы тартипте катталууга тийиш, бирок белгиленген тартипте кийинки отурумда каралат.

Сыйлоо документтери жылына эки жолу каралат:

– Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата;

– жылдын жыйынтыгы боюнча.

Мамлекеттик сыйлыктарга сунуштамаларды кароо боюнча Коллегиянын жыйынынын датасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Коллегиясынын төрагасы тарабынан аныкталат.

  1. Ушул маселелерди караган министрдин орун басарларынын жана кызыкдар бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилеринин визалары коюлган коллегиянын отурумунда талкуулоо үчүн материалдар, ошондой эле министрдин орун басарлары менен макулдашылган чакырылгандардын, чыгып сүйлөгөндөрдүн тизмеси коллегиянын отурумуна чейин 7 күн мурда коллегиянын катчысы тарабынан түзүлөт.

Коллегиянын материалдары коллегиянын катчысы тарабынан коллегиянын мүчөлөрүнө, кызыкдар мекемелерге жана бөлүмдөргө коллегиянын отурумуна чейин үч күндөн кечиктирбестен, ал эми мамлекеттик сыйлыктарды кароо маселелери боюнча коллегиянын отурумуна чейин жети күнгө чейин жиберилет.

  1. Коллегиянын чечимдеринин долбоорлору министрдин орун басарлары, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызыкдар жетекчилери, анын ичинде укуктук экспертиза үчүн жооптуу бөлүм менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
  2. Коллегиянын талкуусуна коюлган маселени даярдоо үчүн жоопкерчиликти министрдин кураторлук кылган маселе боюнча орун басары, эми ал жок учурда түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси алып жүрөт.
  3. Отурумга материалдар өз убагында берилбеген учурда, ошондой эле сапатсыз даярдалган документтер берилген учурда министрдин чечими менен маселе талкуудан чыгарылат.
  4. Коллегиянын отурумдары протоколдоштурулат. Протоколдорду коллегиянын катчысы жүргүзөт. Коллегиянын отурумунун протоколу талкууланып жаткан маселелердин аталышын, чыгып сүйлөгөндөрдүн фамилияларын жана кабыл алынган чечимдерди көрсөтүү менен кыскача түзүлөт.
  5. Даярдалган чечимдин долбоору Коллегия тарабынан негиз катары кабыл алынат. Ага коллегия мүчөлөрүнүн бардык сунуштары жана сын-пикирлери киргизилет, андан кийин коллегиянын чечими толугу менен кабыл алынат.

Чечимде тапшырмалар түзүлөт, аткаруунун мөөнөттөрү жана чечимдин аткарылышын контролдоого жооптуу адам көрсөтүлөт.

Коллегиянын чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Коллегиянын чечимдерин, протоколдорду жана коллегиянын отурумдарын өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча келип чыккан башка документтерди каттоо Министрликтин жалпы бөлүмүндө жүргүзүлөт.

  1. Коллегиянын катчысы кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Министрликтин жетекчилигине системдүү түрдө маалымат берип турат. Чечимдин аткарылышы жөнүндө маалымат тиешелүү бөлүм тарабынан Министрликтин жетекчилигине чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө берилет.

Коллегиянын чечимдерин контролдон чыгаруу анын отурумдарында гана жүзөгө ашырылат.

  1. Отурумдардын протоколдору жана коллегиянын чечимдеринин түп нускалары Министрликтин иштеринде сакталат жана үч жылдык мөөнөт өткөндөн кийин белгиленген тартипте архивге сактоого өткөрүлүп берилүүгө тийиш.