Түштүк Корея өлкөсүндө “Семетей” музыкалык спектакли коюлду

Октябрь 27, 2024 - 11:12
Октябрь 30, 2024 - 11:41
 38
Түштүк Корея өлкөсүндө “Семетей” музыкалык спектакли коюлду
Түштүк Корея өлкөсүндө “Семетей” музыкалык спектакли коюлду
Түштүк Корея өлкөсүндө “Семетей” музыкалык спектакли коюлду
Түштүк Корея өлкөсүндө “Семетей” музыкалык спектакли коюлду
26-27-октябрь күндөрү Кванджу шаарында (Түштүк Корея) Азия маданий борборунун № 1 театрында Корей чыгармачылык тобу менен Кыргыз чыгармачылык тобу тарабынан биргеликте даярдалган “Семетей” музыкалык спектакли жалпы көрүүчүлөргө тартууланды.
Спектаклди Кореянын маданият сүйүүчүлөрү жана Корея өлкөсүндө окуп, иштеп жаткан мекендештер көрүшүп, жылуу кабыл алуу менен руханий азык алышты.
Чыгармачыл топ:
Режиссерлору:
Карыпбаев Уланмырза Нурдинович - “Семетей” музыкалык спектаклинин биргелешкен режиссеру;
Ёнг Бонг - “Семетей” музыкалык спектаклинин биргелешкен режиссеру.
Актерлор:
Нурбек Эсенгазы, Омурбек Израилов, Айнура Качкынбек кызы, Байзаков Максатбек, Асанакунова Бегайым;
Ким Джи Ён, Ким Сонг Хван, О Сон А, Янг Бёнг Хён.
Музыканттар:
Реми Клеменсьевич, Айнур Бердикулова, Эрлан Касаболотов, Ассоль Рыскулова, Саламат Жумадилов, Ислам Жумадилов.