Улуттук китепканада залкар комузчу Ныязаалы Борош уулунун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган эки китептин бет ачары өттү

Декабрь 27, 2024 - 09:14
Декабрь 30, 2024 - 09:16
 10

26-декабрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада залкар комузчу Ныязаалы Борош уулунун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган эки маанилүү басылманын бет ачары болуп өттү. Коомчулукка "Ныязаалы Борош уулу" аттуу өмүр баяндоо китеби жана "Улуу устат Ныязаалы" музыкалык-усулдук окуу куралы сунушталды.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият жана искусствонун көрүнүктүү ишмерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Ныязаалы Борош уулунун чыгармачылык жолун, кыргыз музыкалык салтынын өнүгүүсүнө кошкон салымын жана анын өзгөчө аткаруучулук чеберчилигин эскеришти. Келген коноктор аталган китептер изилдөөчүлөр, музыканттар жана кыргыз маданиятына кызыккан адамдар үчүн баалуу маалымат булагы болоорун белгилешти.
Расмий бөлүктөн кийин концерттик программа уюштурулуп, анда Ныязаалы Борош уулунун "Кара өзгөй", "Арсар күү", "Келиндердин эрке күүсү" жана "Кер толгоо" сыяктуу белгилүү чыгармалары жандуу аткарылды.