VI Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Кыргыз Республикасында өтөт

Сентябрь 11, 2024 - 14:36
Сентябрь 13, 2024 - 14:37
 8

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун спорт жана жаштар саясаты министрлеринин 8-жыйынына катышты.
Иш-чарага Казакстан Республикасынын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов, Түрк Мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, спорт жана жаштар саясаты боюнча жооптуу министрлер жана Азербайжандын, Түркиянын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын өкүлдөрү жана Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган катышты.
Алтынбек Максутов өз сөзүндө бардык катышуучуларды V Көчмөндөр Оюндарынын башталышы менен куттуктап, спортчуларга ийгилик каалады. “Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жогорку деңгээлде өткөнүн жана масштабдуу, көп түрдүү этноспорттук жана маданий программасынын мыкты уюштурулгандыгын белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем” - деди.
Министр, Кыргыз Республикасы ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, түрк элдерин жакындатууга багытталган демилгелерди ар дайым колдоорун айтты.
Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын негиздөөчүсү жана демилгечиси экенин эске алуу менен бирге, 2026-жылы VI Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Кыргыз Республикасында өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Аны менен бирге, Түрк Мамлекеттер Уюмунун жаштар саясаты жана спорт боюнча министрлеринин юбилейлик 10-жыйыны да Кыргызстанда өтө тургандыгы макулдашылды.