10-сентябрда Жалал-Абад маданият техникумунун оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземи Кыргыз улуттук музыкалык аспабы – Комуз күнүнө туш келип, кош майрам катары белгиленди.
Жатакананын капиталдык оңдоп-түзөөсүнө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин каржылоосу менен 10 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн.
Буга чейин ажаткана менен ашканасы сыртта жайгашкан болсо, эми ремонттон кийин алар жатаканын ичинен орун алып, студенттердин жашоосуна ыңгайлуу болуп калды.
Ошондой эле, жатаканага ысык суу, жылытуу системасы орнотулду. Аны менен катар заманбап эмеректер жана тиричилик жабдыктары: жаңы керебет, шкаф үстөл-отургуч, ашкана эмеректери, муздаткыч, автомат кир жуучу машиналар жана төшөнчүлөр менен камсыз болду.
Министрликтин максаты – студенттерге коопсуз, таза жана ыңгайлуу жашоо шартын түзүп берүү. Ушундай шартта жашаган жаштар билимдүү, маданияттуу, жоопкерчиликтүү жана мекенчил болуп өсүп, Кыргызстандын маданиятын көтөргөн инсандардан болот экенине ишеним артат.
Белгилей кетсек, бул оңдоп-түзөө иштери жатакана курулгандан бери 40 жылдан кийин алгачкы жолу ишке ашты.