ЖУСУП МАТАЕВДИ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ ЗЫЙНАТЫ ӨТТҮ

Сентябрь 23, 2025 - 17:26
 4

18-сентябрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири Жусуп Матаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.
Узатуу зыйнатта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Джунушев, кесиптештеринин атынан Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Ишенбек Чаланов, замандаштарынын атынан Эл аралык архитектура академиясынын профессору Нурсейит Мамбетказиев, туугандарынын атынан Мырзабек Темиркулов сөз сүйлөшүп, маркумдун чыгармачыл мурастарын, кыргыз искусствосуна кошкон зор салымын жана инсандык бийик сапаттарын белгилешти.
Алар Матаевдин өмүрү талыкпаган эмгектин жана чеберчиликтин үлгүсү экенин, ал эми калтырган чыгармалары улуттук маданияттын алтын казынасында түбөлүк сакталарына токтолушту.
Зыйнат соңунда коомдук жана маданий ишмерлер, замандаштары, туугандары жана шакирттери улуу сүрөтчү менен коштошуп, анын жаркын элесине таазим кылышты.
Жусуп Матаев 1956-жылы Токтогул районунда төрөлүп, өмүрүн сүрөт өнөрүнө арнаган. Ал “Токтогул Сатылганов”, “Кыз куумай”, “Байбиче” сыяктуу чыгармалары жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири катары элибиздин жүрөгүндө өчпөс из калтырды.
Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.