27-март Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата Маданият министрлигине караштуу театр оюн-зоок мекемелеринде иш-чаралар өтөт

Март 26, 2025 - 12:29
Март 26, 2025 - 17:44
 19
27-март Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата Маданият министрлигине караштуу театр оюн-зоок мекемелеринде иш-чаралар өтөт
Бүткүл дүйнөлүк театр күнү бардык театр ишмерлеринин жана бул искусствону сүйүүчүлөрдүн майрамы. Театр искусствосу – тарыхтагы эң байыркы искусстволордун бири, ал коомдун маданий өнүгүүсүнө зор салым кошуп келет.

27-мартта Маданият министрлигине караштуу театр оюн-зоок мекемелеринде өтүүчү иш-чаралардын тизмесин сунаштайбыз.

* Абдылас Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 27.03.2025 саат 11:00 Театрдын ичине театр көрөрмандарына экскурсия.
* Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры 27.03.2025 саат 17:00 Праздничный концерт под открытым небом «Театральный разгуляй».
* Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 27.03.2025 саат 12:00 Маданий иш-чара (Капустник)
* Кыргыз улуттук “Манас” театрында 27.03.2025 саат 12:00 театрдын ардагер актёрлору жаш актёрлорго жана театрдын өнөрпоздоруна мастер-класс өтөт.
* Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы 27.03.25 театр күнүнө карата төмөндөгү иш-аракеттерди аткарат:
1. Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында эмгектенип жаткан чыгармачыл жамаатын;
2. ⁠Бабур атындагы Ош Мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрынын чыгармачыл жамаатын;
3. ⁠Надирбек Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын чыгармачыл жамаатын Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын алдында түзүлгөн Токон Эшпаев атындагы жана Жолболду Алибаев атындагы фолькордук тобунун ырчылары чакан жандуу концерттик программасы менен куттуктап барат.
* Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры 27.03.2025 саат 15:00 “Ата, кемпир алып берейинби?” комедиясы жана чакан концерттик иш-чара.
* Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театры 27.03.2025 саат 16:30 Театралдаштырылган концерттик программа.
* Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры 27.03.2025 саат 10:30-12:00 Ачык асман алдында концерттик программа.
* Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 27.03.2025 саат 15:00 “Гарри Поттер” фентези спектакли.
* Бабур атындагы Ош Мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театры 27.03.2025 11:00, 14:30 Көргөзмө жана концерттик программа “Чигирик” спектакли.
* Надирбек Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры 27.03.2025 Т. Сатылганов атындагы эс алуу багы саат 11:00-12:00, Алишер Навои эс алуу багы 13:00-14:00 Куурчак шоу.
* Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры 27.03.2025 саат 14:00 “Траги – комедия” аталышындагы театрлаштырылган музыкалык комедия.
* Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры 27.03.2025 саат 14:00 “Күйөө сатам” (комедия) спектакли.
* Калык Акыев атындагы Жумгал музыкалуу драма театры 27.03.2025 саат 18:00 “Абийир кечирбейт” спектакли жана концерттик программа тартууланат.