АЛЫКУЛ ОСМОНОВДУН 110 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН “АЛЫКУЛ – АТА-ЖУРТТУН АКЫНЫ” ЭЛ АРАЛЫК ПОЭЗИЯ МАЙРАМЫ БОЛУП ӨТТҮ

Октябрь 1, 2025 - 16:51
 12

Бишкекте Кыргыз эл акыны, кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Алыкул – Ата-Журттун акыны” эл аралык поэзия майрамы өттү. Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Россия жана ТҮРКСОЙ уюмунун өкүлдөрү катышты.
Майрамды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы М. Иманкулов ачып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчилери Ч. Абыкеев, М. Букуев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары А. Мадаминов, Түркиянын Элазыг губернатору Н. Хатибоглу, ТҮРКСОЙ уюмунун өкүлү, Бишкек шаарынын вице-мэри В. Мозгачева жана башка мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, адабият жана Алыкул таануучулар катышышты.
Иш-чарада Алыкул Осмоновдун кыргыз маданиятындагы орду өзгөчө белгиленип, анын чыгармалары кыргыз тилин, руханий баалуулуктарды жана улуттук маданиятты түбөлүккө сактап келе жатканы баса белгиленди. Акындын чыгармалары аркылуу өмүр, сүйүү, жаштык, улуттук рух темалары өзгөчө поэтикалык күч менен берилгени белгилүү болду.
Маданият министрлиги Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгын 2025-жылга карата иш-чаралардын улуттук планына киргизип, жыл ичинде бир катар поэзия кечелерин, илимий конференцияларды жана жаштар үчүн конкурстарды уюштурууда.
Бул майрам кыргыз маданиятынын дүйнөлүк мейкиндикке чыгышын көрсөтүп, акындын мурасын кийинки муундарга жеткирүүнүн маанилүү кадамы катары бааланды.