Археолог-адистердин байланыш номерлери

“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн аймагында тарыхый-маданий мурас объекттерин издеп табууну, эсепке алууну, коргоону, реставрациялоону жана пайдаланууну камсыз кылышат. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен шаарларды жана башка калктуу конуштарды пландаштыруунун, куруунун, реконструкциялоонун долбоорлорун иштеп чыгууда жана бекитүүдө бардык категориядагы эстеликтерди издеп табуу, изилдеп үйрөнүү, сактоо, ошондой эле тарыхый-курулуш таяныч пландарын жана карта-схемаларды түзүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыздайт. Чарбалык-курулуш жана жүгүртүү максаттарында өздөштүрүү үчүн жер участокторун бөлүп берүүнү эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусу болгондо гана жүзөгө ашырууга тийиш.
Ошондой эле, жогоруда аталган Мыйзамдын 32-беренесине ылайык тапшырыкчы (заказчик) инженердик-издөө жумуштарынын стадиясында жана жерди которууда (трансформациялоодо) ажыратылган аймакта тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык изилдөө жүргүзүүгө милдеттүү. Археологиялык изилдөө белгиленген тартипте тапшырыкчылардын эсебинен жүргүзүлөт жана маданият жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга жатат. Төмөндө ачык баракчасы (уруксат кагазы) бар археологдордун байланыш номерлери көрсөтүлөт. Жер участокторун которууда (трансформациялоо) жана жер мунапысын жүргүзүүдө тизмеде көрсөтүлгөн археологдор менен байланышып археологиялык корутундуну даярдоо иштерин алып барсаңыздар болот.
Архелог-адистердин тизмеси
№ |
Аты-жөнү |
Байланыш номер |
1 |
Солтобаев Ороз Азекович |
0703 32 20 32 |
2 |
Чаргынов Темирлан |
0 553 87 08 58 |
3 |
Сулайманова Айдай |
0 708 56 80 60 |
4 |
Табалдыев Кубат Шакиевич |
0 771 36 46 66 |
5 |
Абдыканова Аида |
0 770 17 48 32 |
6 |
Алишер кызы Салтанат (Ош облусу) |
0 502 03 11 31, +79139044874 |
7 |
Акматов Күнболот |
0 700 12 79 35 |
8 |
Борсунбаев Марс |
0 703 27 69 16 |