Минск шаарында кыргыз кино күндөрү ачылды

Октябрь 24, 2024 - 09:25
Октябрь 30, 2024 - 09:27
 16
Минск шаарында кыргыз кино күндөрү ачылды
Минск шаарында кыргыз кино күндөрү ачылды
Минск шаарында кыргыз кино күндөрү ачылды
Минск шаарында кыргыз кино күндөрү ачылды
Минск шаарында кыргыз кино күндөрү ачылды
Минск шаарында кыргыз кино күндөрү ачылды
Минск шаарында кыргыз кино күндөрү ачылды
Минск шаарында кыргыз кино күндөрү ачылды
24-октябрда Минск шаарындагы «Победа» кинотеатрында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз кино күндөрү салтанаттуу ачылды. Аталган маданий иш-чара Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.
Кыргыз кино күндөрү беларус көрөрмандарына кыргыз кинематографиясынын байлыгын жана ар түрдүүлүгүн тааныштырып, кыргыз элинин маданий салттарын, өзгөчөлүгүн жана руханий мурасын көрсөтүүнү көздөйт. Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Кадырбекова, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев жана Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Валерий Громада катышты. Алар эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоонун маанисин белгилешип, кыргыз киносунун эл аралык маданий алмашуу аянтчасы катары уникалдуулугун баса белгилешти.
Фестивалдын программасы режиссёр Р. Акундун “Бейиш энени таманында” аттуу тасмасы менен ачылды. Аталган тасма азыркы Кыргызстандагы татаал жана толкунданткан учурларды чагылдырат. Программада ошондой эле төмөнкү тасмалар көрсөтүлөт:
• «Эсимде» (режиссёр Актан Арым Кубат) — өткөндү эскерүү жана маданий мурасты тереңден түшүнүү темасын камтыйт;
• «Дарак ыры» (режиссёр Айбек Дайырбеков) — өз ордун жана тамырын издөө тууралуу тасма;
• «Белек» (режиссёр Дальмира Тилепбергенова) — үй-бүлөнүн жана достуктун баалуулугун чагылдырган фильм;
• «Акыркы көч» (режиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу) — кыргыз көчмөндөрүнүн турмушу тууралуу тарыхый тасма.
Кыргыз кино күндөрү аптанын аягына чейин уланып, көрөрмандарды кыргыз кинематографиясынын өзгөчө дүйнөсү менен таанышууга чакырат. Бул фестиваль Минскинин маданий турмушуна чоң салым кошуп, Кыргызстандын маданий байлыктарын ачып берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.