Бишкекте-театр жеңиши (триумфу)!

Октябрь 30, 2024 - 09:28
 20
Бишкекте-театр  жеңиши (триумфу)!
Бишкекте-театр  жеңиши (триумфу)!
Бишкекте-театр  жеңиши (триумфу)!
Октябрь айынын соңку күндөрү борбор калаабыз Бишкекте кыргыз театр искусствосунун күйөрмандары үчүн чыныгы өнөр майрамын эске салчу унутулгус зор дөөлөт окуялар менен коштолмокчу.
Сиздерди бир эмес, бир нече жолу театрлардын Эл аралык фестивалдарында баш байгелерди жеңип алган спектаклдердин бет ачаар аземдери күтөт.
Бул тек гана спектаклдер эмес, жалпы кыргыз театр искуствосун дүйнө элине тааныткан, көркөм өнөрдүн туу чокусу-шедевр чыгармалар!
29-октябрда залкар манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти, Саякбай Каралаевдин “Эр Төштүк” жомогунун негизинде сахналаштырылган “Эр Төштүк” спектаклинин бет ачаары өтөт.
Спектаклди койгон режиссер Кыргыз Республикасынын эл артисти Давлет Нургазиев түптүү кыргыз элинин дүйнө таанымын, тарыхын, этнологиясын, көөнө маданиятын, тилин, нарк-насилин, салт-санаасын, кыскасы, руханий бай мурасын чагылдыруу максатын ишке ашырган. Бул спектакль жаш куракты тандабайт, андагы окуялар ар бир көрөрман үчүн өтө кызыктуу жана таасирдүү!
30-октябрда заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести боюнча сахналаштырылган “Ак кеме” спектакли бишкектик көрөрмандарды күтөт.
“Ак кеме” спектакли Бишкекте (2023-ж), “АРТ ОРДО” Уфада “Туганлык”(2024-ж) жана Ашхабад шаарында (2024-ж) “ТҮРКСОЙ” театрлардын Эл аралык фестивалдарында катары менен 3 жолу баш байгени жеңип алды.
Спектаклде түбөлүктүү тема-адам тагдыры, адам менен табияттын бүтүндүгү, дүйнө өмүр, боорукерлик, жалгыздык, үмүт, тилек, балалык баео сезимге жетеленген керемет кубулуштар көркөм чагылдырылат.
Спектаклдин режиссеру Ч.Айтматов жаштар сыйлыгынын лауреаты Уланмырза Карыпбаев.
31-октябрда Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Күн кармаган бала” повестинин негизинде сахналаштырылган “Күн кармаган бала” спектакли көрсөтүлөт.
Спектаклди Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган.
“Күн кармаган бала” 2023-жылы “АРТ ОРДО”, (Бишкекте) “ТҮРКСОЙ” (Баку шаарында) театрлардын эл аралык фестивалдарында жана 2024-жылы (Бишкекте) Кыргызстан театр ишмерлер союзунун баш байгелерине татыктуу болду.
Спектаклде философиялык терең көз караштар жан дүйнөбүздү жанчкан ички сезимдердин күрөшү, ак менен каранын, жакшылык менен жамандыктын, алдуулар менен алсыздардын таймашы таасын чагылдырылып, ар бир көрөрманды ойго салат.
Аталган спектаклдер тек гана театралдык көрсөтүүлөр эмес, анда кайсыл мезгил, кандай доор болбосун дүйнө элин, жалпы адамзатты ойлонтуп-толгонто турган философиялык көз караштар, дүйнө таанымдар, адамдык бийик парасат, адеп-ахлак, жан дүйнөнүн жакырдыгы менен бакырдыгы режиссердун (У.Карыпбаевдин) жеке өзүнө гана таандык көркөм сүртүмдөр аркылуу өзгөчө сүрөттөлгөн.
Бул театрдын жеңиши! (триумфу)