2025-жылдын 20-22-августунда Астана шаарынын Назарбаев университетинде АКШнын Гарвард университетинин уюштуруусу менен “Борбордук Азиянын жаңы трансулуттук/трансимпериялык тарыхына: булактар, багыттар, интерпретациялар” аттуу Эл аралык конференциясы 12 мамлекеттин катышуусунда болуп өттү.
“Ата-Бейит” УТМКсынын жетекчиси, тарых илимдеринин доктору Б.Дж. Абдрахманов “30-жылдардагы Кыргызстандагы жазалоочу органдардын репрессиялык чаралары”, ал эми “Ата-Бейит” УТМКсынын Илимий бөлүмүнүн башчысы С. Асекова “Кыргызстандан репрессияланган казактар жана казакстандыктар” баяндамалары менен чыгышып, видео материал жана презентация менен коштоду.
“Ата-Бейиттин” уникалдуулугу, репрессия этабындагы орду панелде катышуучулар үчүн кызыктуу маалымат болду. Баяндама кызуу талкууланып, изилдөөчүлөргө ыраазычылык билдирилди. Репрессия тууралуу авторлор тарабынан түзүлгөн китептер Назарбаев университетинин китепканасына тапшырылды.
22-августта XX кылымдын 30-50-жылдарында Саясий куугунтуктун курмандыгындагы аялдардын чордону болгон АЛЖИР (Мекен чыккынчыларынын аялдарынын Акмолодогу лагери) музейине барып, музейдин таржымалы боюнча кеңири маалымат алынды. “Кыргызстандан репрессияланган аялдар” китеби музейге берилип, мындан ары тыгыз кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Бул өткөзүлгөн Эл аралык конференция “Ата-Бейит” УТМКсы үчүн илимий тажрыйбалык жыйынтык болду.