ТҮРК КИНО ЖЫЛДЫЗДАРЫ МЕНЕН КОШО КИНО КӨРҮҮГӨ ЧАКЫРАБЫЗ

Август 26, 2025 - 11:28
 2
ТҮРК КИНО ЖЫЛДЫЗДАРЫ МЕНЕН КОШО КИНО КӨРҮҮГӨ ЧАКЫРАБЫЗ
2025-жылдын 4–8-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий алакаларды чыңдоону жана түрк кинематографиясын таанытууну максат кылган “Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрү” иш-чарасы өткөрүлөт.
Бул маданий иш-чара Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Кинематография департаменти, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги жана “Йерли Дүшүнже” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.
Иш-чаранын алкагында түрк кино жылдыздары — белгилүү актрисалар Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр жана Дуйгу Мержан, ошондой эле актёрлор Барыш Кылыч жана Аныл Алтан кызыл килем аземинин ардактуу коноктору болушат.
Ошондой эле, көрсөтүлүүчү тасмалардын режиссёрлору жана продюсерлери менен да жолугушуулар уюштурулат.
Ачылыш аземинде көрүүчүлөр Түркиянын 2025-жылдагы Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн тасмасы — “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” көркөм фильмине күбө болушат. Фильмдин режиссёру жана башкы каарманы Мурат Фыратоглу иш-чарага катышып, көрүүчүлөр менен баарлашат.
Көрсөтүүлөрдүн программасы:
• 4-сентябрь: “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” – реж. Мурат Фыратоглу
• 5-сентябрь: “Сүйүү байланыштары” – реж. Хакан Куршун
• 6-сентябрь: “Акылдан жүрөккө” – реж. Өзер Фейзиоглу
• 7-сентябрь: “Хай Хак Карагөз – Хаживат” (анимациялык тасма) – реж. Кенан Акташын
• 8-сентябрь: “Эрке” – реж. Онур Үнлү
Бардык көрсөтүүлөр “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт жана кирүү акысыз.