Ата мекендик спортчулар Эл аралык “Брикс” спорттук оюндарына катышат

Июнь 11, 2024 - 07:16
Июнь 13, 2024 - 07:17
 7
Ата мекендик спортчулар Эл аралык “Брикс”  спорттук оюндарына  катышат
Кыргызстандын спортчулары 12-24-июнь күндөрү Казань шаарында (Татарстан Республикасы) өтө турган Эл аралык “Брикс” спорттук оюндарына катышат.
Кыргызстандын атынан 100 дөн ашык спортчу 14 спорттун түрүнөн (ушу-саньда, ушу таолу, самбо, каратэ-до, жеңил атлетика, сууда сүзүү, шахмат, байдарка жана каноэ менен сүзүү, бокс, көркөм гимнастика, кураш, бел боо күрөшү, дзюдо, теннис) өлкө намысын коргойт.
Мелдешке 97 өлкөдөн келген 4751 спортчу 29 спорттун түрү боюнча (жеңил атлетика, сууда сүзүү, сууга секирүү, спорттук гимнастика, көркөм гимнастика, байдарка жана каное менен сууда сузүү, гиря көтөрүү, кум үстүндөгү гандбол, кум үстундөгү валейбол, дзюдо, самбо, ушу-саньда, каратэ-до, фехтование, оор атлетика, бадминтон, теннис, кураш, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, стол үстүндөгү теннис, бокс, шахмат, скейтбординг, брейкинг, фиджитал-баскетбол, фиджитал-футбол, ат оюндары, бел боо күрөшү) күч сынашат.
Белгилей кетсек, Эл аралык спорттук оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи 12-июнь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 21:00 дө болот.