Аймактардагы китепканаларда ремонт иштери жүрдү

Аймактардагы китепканаларда ремонт иштери жүрдү

Декабрь 26, 2023 - 01:05
 0  115
Аймактардагы китепканаларда ремонт иштери жүрдү
Аймактардагы китепканаларда ремонт иштери жүрдү
Аймактардагы китепканаларда ремонт иштери жүрдү
Аймактардагы китепканаларда ремонт иштери жүрдү
Аймактардагы китепканаларда ремонт иштери жүрдү
Аймактардагы китепканаларда ремонт иштери жүрдү
Маданият министрлигинин бюджетинен ремонт иштерине карата бөлүнгөн акча каражаттарына аймактардагы китепканаларда ремонт иштери жүрдү. Атап айтканда:
- Чүй облусунун Кант шаарындагы китепканага 200 000 (эки жүз миң) сом каражат бөлүнүп, эки кабинетке керектүү ремонт жүргүзүлүп, электр чубалгылары жана интернет кабелдери жаңыртылды;
- Нарын райондук маданият бөлүмүнө караштуу борборлоштурулган Э. Ибраев атындагы китепканага 1 340 000 (бир миллион үч жүз жүз кырк миң) сом каражат каралып, ага имараттын чатырчасы жабылып, таза суу чыгаруу үчүн канализация ишке киргизилди жана кабинеттер ремонттолуп, санитардык бурч орнотулду;
- Талас облустук А Токтогулов атындагы китепканага 1 888 130 (бир миллион сегиз жүз сексен сегиз миң бир жүз отуз) сом каралган. Ал каражатка кабинеттерге ремонт иштери жүрүп, имараттын кире бериш жери узартылып, түтүктөр тартылды жана санитардык бурч орнотулду. Ошондой эле тепкичтерге пандус орнотулду;
- Ош облустук Т.Сатылганов атындагы китепканага 1 794000 (бир миллион жети жүз токсон төрт миң) сом бекитилген. Аталган каражатка китепкананын арткы жана каптал жактары тосмо менен тосулган. Ошондой эле китепкананын ички, тышкы дубалдары керектүү оңдоп-түзөөдөн өткөн. Китепкананын территориясын жашылдандырдуу жана көрктөндүрүү иштери аткарылды. Атап кетсек, тамчылатма, авто сугат системасы коюлуп, кайрадан кара топурак төшөлүп, газон, декаративдик өсүмдүктөр тигилди. Китепкананын аймагындагы тегиз эмес жерлер түзөтүлүп, шагыл төшөлдү. Дарактарга санитардык бутоо, калыпка келдируу иштери аткарылды. Авто унаалар үчүн таман таштарды (бручсатка) төшөө кызматы аткарылды.