"Маңкурт" спектакли көрсөтүлдү

"Маңкурт" спектакли көрсөтүлдү

Декабрь 26, 2023 - 01:10
 0  113
"Маңкурт" спектакли көрсөтүлдү
"Маңкурт" спектакли көрсөтүлдү
"Маңкурт" спектакли көрсөтүлдү
"Маңкурт" спектакли көрсөтүлдү
Бүгүн, 19- декабрда күндүн экинчи жарымында “Жаңы ысымдар” фестивалында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде коюлган «Маңкурт» спектаклин койду.
Спектакль Б. Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында өттү.
Жаңы ысымдар” театр фестивалы алгачкы жолу 2016- жылы май айында өткөн. Ага студенттик тогуз спектакль катышкан. 2022- жылы фестивалга Казакстан, Өзбекстандын окуу жайлары да катышып, “Эл аралык” фестиваль статусун алган. “Жаңы ысымдар” театр фестивалы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан негизделген.
Калыстар тобу 21-декабрда фестивалдын женүүчүлөрүн аныктамакчы.