Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын ремонт иштери башталды

Июль 31, 2024 - 12:14
 11

Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын ремонт иштери башталды.
Ремонттун жүрүшү менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев таанышып чыкты.
Театрдын ремонту үчүн бюджеттен 79 млн. сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн, ошондой эле ремонт иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү үчүн театр жайгашкан имараттын укуктук документтери таризделип, мурда ээлик кылган Улуттук маданий борбору имаратты Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына өткөрүп берген.
Аталган имарат республикалык маанидеги Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргендигине байланыштуу ремонт иштери Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын чегинде ишке ашырылат.
Ал эми, каржылоо “2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү тууралуу” токтом менен бекитилген бюджеттин чегинде ишке ашууда.
Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз Малекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын эмгек жамааты эмгектенип келген имарат Маданият министрлгинин алдындагы Улуттук маданий борборуна тиешелүү болуп келген.
Имарат 1951-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Белгилүү болгондой, Пионерлер үйүнүн имараты. 1994-жылы Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры көчүп кирген.