Бир катар окуу жайлардын директору кызмат ордуна сынак жарыяланат

Январь 25, 2024 - 16:33
Январь 30, 2024 - 16:36
 0  89
Бир катар окуу жайлардын директору кызмат ордуна сынак жарыяланат
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы №312 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык төмөнкү бош кызмат орундарына сынак жарыялайт:
− Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат ордуна (дареги: Исык-Көл облусу, Каракол шаары, Гебзе көчөсү 120).
− Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору бош кызмат ордуна (дареги: Бишкек шаары, Московский көчөсү 123/1).
− Н.Давлесов атындагы республикалык маданият жана искусство колледжинин директору бош кызмат ордуна (дареги: Чүй облусу, Токмок шаары, Дубовицкий көчөсү 153);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы №278 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык аталган кызмат орундарына (директор) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 5 жылдан кем эмес.
Директордун кызматтык милдеттери:
- директор мекеменин Уставынын негизинде өз укуктарын жана милдеттерин ишке ашырат жана мекеменин ишинин натыйжалары үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- штаттык жана финансылык тартиптин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
- буйруктарды чыгарат, бардык кызматкерлер жана студенттер аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
- педагогикалык жана администрациялык персоналдын курамын түзөт;
- мекеменин ички тартибин, түзүмүн бекитет;
- өзүнүн орун басарларын дайындайт;
- мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;
- монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу контракттык окутуунун наркынын сметасын бекитет.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- арыз;
- паспорт;
- кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефондорун көрсөтүү менен);
- резюме;
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
- билим берүү мекемесин өнүктүрүүнүн перспективдүү планы.
Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 25-январынан тартып 7-февралга чейин тапшырылууга тийиш.
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №106 кабинет (саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин), байланыш телефондору: +996 312 623639, 662683.
Талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга катышууга жол берилбейт.