Биринчи жолу мамлекеттик колдоо менен тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана туура пайдалануу үчүн 584 млн 74 миң сомдон ашык акча каражат бөлүндү

Февраль 6, 2024 - 11:04
 0  54
Биринчи жолу мамлекеттик колдоо менен тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана туура пайдалануу үчүн  584 млн 74 миң сомдон ашык акча каражат бөлүндү
Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана туура пайдалануу багытында мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү тууралуу” токтом кабыл алынды.
Бул Мамлекеттик программа “Кыргыз Республикасынын тарыхый–маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу алкагында иштелип чыккан. Негизги максаты- Кыргыз Республикасынын элинин маданиятын сактоо үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, иликтөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү жагында мамлекеттик колдоону күчөтүү болуп саналат. Ошондой эле аларды билим берүү жана туристтик чөйрөдө пайдалануу үчүн зарыл шарттарды жана инфратүзүмдү түзүү каралган.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу жана пайдалануу боюнча электрондук портал түзүлүп ишке берилет. Ошондой эле, тарыхый-маданий мурас объекттеринде ремонтоо-реставрациялоо жумуштары жүргүзүлөт. Мындан сырткары археология эстеликтеринде эл аралык стандарттарга ылайык консервациялоону жана музейлештирүүнү камсыз кылуу менен археологиялык казууларды жана изилдөө иштери жүзөгө ашырылат жана алардын базасында жаңы музей имараттарын куруу каралган.
Программаны толук ишке ашыруу үчүн анын Иш-чаралар планына ылайык республикалык бюджеттен 584 074,6 миң сом суммасында туруктуу каржылоо аныкталды, анын ичинде 2024-жылга – 156 935,6 миң сом, 2025-жылга - 131 116,5 миң сом, 2026-жылга - 193 154,2 миң сом, 2027-жылга -102 868,3 миң сом бөлүнмөкчү. Мындан сырткары, жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистер, эксперттерди катыштырууга шарт түзүү менен бирге демөөрчүлөрдүн, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, гранттардын каражаттары дагы тартылат.
Бул кадам тарыхый-маданий мурастарды сактоо багытындагы акыркы 30 жыл ичиндеги биринчи мамлекеттик колдоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасында элдин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргоо мамлекеттин конституциялык кепилдиги болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык тарыхый-маданий мурас эстеликтери, архитектуралык, археологиялык объекттер жана табылгалар мамлекеттин менчиги болуп саналат жана мыйзам менен өзгөчө корголушу керек.